Menu

“Трибуна” тобу КСДПчы депутат Ирина Карамушкина менен экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди “антикытай” митингинин уюштуруучулары деп айыптады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-январда Facebook социалдык тармагындагы “Трибуна” тобу Бишкекте 7-январда болуп өткөн жана 17-январга жылдырылган “антикытай” митинги боюнча өзүнүн иликтөөсүн жарыялады. Анда алар бул митингдердин артында экс-президент Алмаз Атамбаев турарын жана митингдин уюштуруучулары катары КСДПчы депутат Ирина Карамушкина менен экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди айыпташкан:

17-январдагы митингдин башында Мискенбаев менен Карамушкина турабы?

7-январда Бишкекте 200дөй адамдын катышуусунда митинг өтүп, анда кытайларга каршы пикирлер айтылган эле. Ошол эле учурда иш-чаранын айрым катышуучулары акциянын максатын башкага буруп, түз эле президентти айыптай баштаган. Мунун себеби да кийинчерээк белгилүү болду. Көрсө “антикытай” деген ураанды жамынган бул митингди экс-президент Алмазбек Атамбаев уюштурган экен. Бул АШАнын “торпедасы” Мээрбек Мискенбаевдин ошол жерде бетин жаап жүргөнү менен тастыкталган. Мискенбаев митингде сөз сүйлөбөсө дагы, ошол митингчилерден бир аз окчунураак туруп алып, сүйлөп аткандарга баам салып, айрымдарына команда берип турганын тастыктаган фото-видеодалилдер бар. 
Эң кызыгы бул митингге кыргызга эзели күйбөгөн, биздин улутту шылдыңдап келген Ирина Карамушкинанын сыртынан баам салып турганы болууда. Ал митинг болуп жаткан аймактагы китепканын жанында небересин жетелеп, эс алып жүргөндөй түр көрсөтүп, айрымдарына кол жаңсап, акырын жер төлөдөгү ашканага кирип кеткенин көргөндөр бар. Ал жактан айрым катышуучуларга акча таратканы боюнча да сөздөр айтылып жатат. Мына ушул фактынын өзү эле 7-январдагы митингдин башында АША турганын дагы бир ирет далилдейт.
Атамбаев “эс алам” деген шылтоо менен 11-январда Индияга сапар тартканы турат. Бул анын жөн гана шылтоосу. Ал сырттан “антикытай” акциясын күчөтүү боюнча башка күчтөр менен жолугат деген кептер да айтылууда. Ошол эле учурда Карамушкина менен Мискенбаев 17-январдагы митингдин башында да турганы жатыптыр. Тынч жаткан элди козутуп, туруктуулукка коркунуч жаткан мындай адамдарга укук коргоо органдары тез арада чара көрүшү зарыл. Элге тынчтык керек.

Кыргызстан-Кытай мамилесин атайылап бузуу, өлкө ичинде чагымчылдык жасоо максатын көздөгөндөр кимдер?

Акыркы убактарда Кыргызстанда иштеп жана жашап жүрүшкөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын койгон акциялар жасалып атканы белгилүү. Мындай акцияларда элибиздин бүйүрүн кызытуу үчүн атайылап ашыкча жалган маалыматтар да айтылып, калкты бийликке каршы коюу аракеттери байкалууда. 
7-январда болуп өткөн ушундай акцияны экс-президент А. Атамбаевдин «Ниндзясы» Мээрбек Мискенбаев уюштурганы да белгилүү болду. Ал митингде сөз сүйлөбөсө дагы, ошол митингчилерден бир аз окчунураак туруп алып, анда сүйлөп аткандарга баам салып турганын тастыктаган фото-видеодалилдер бар. Анда М. Мискенбаев капкара чо-оң көз айнекти тагынып, башына шапке, анын үстүнөн курткасынын капюшонун да баса кийип алганын көрүүгө болот. Кыязы, ал ушундай жол менен таанылбай калам деп ойлосо керек.
Мына ушул антикытай акциялары боюнча биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов журналисттер үчүн берген маалымат жыйынында төмөндөгүдөй билдирүү айтты:
«Вотсапта кээ бир биздин жарандар 17-январда Кыргызстандын ар бир жараны митингге чыккыла деп чакырууларды жиберип атышат. Бул жерде минтип жазыптыр: «Кыргызстандын Кытайдан алган карызын төлөй албай кала турган болсо, Кытайга Кыргызстандын жерин өткөрүп беришке туура келет экен» деген сөздөрдү айтып курчутуп атышат. Муну ошол келишимди окубаган, аны билбеген адамдар жазып атат. Биздин келишимде антип көрсөтүлгөн эмес, андай маселе жок, бул туура эмес айтылган сөз. Же болбосо биздин бүгүнкү коомдогу тартипти бузгусу келген, бүгүнкү күндөгү маселени өөрчүтүп козгоп, эки мамлекеттин ортосундагы мамилени бузуу гана аракетин көргөн адамдардын колунан келди десек болот. Эми бул боюнча атайын кызмат деле иштеп жатат, буюрса аныктайбыз. Менин айтайын дегеним, бул туура эмес маселе, сураныч катары да айтам, ушуну элге жеткирсеңиздер».
Демек, Кытайдан алынган карыздар үчүн кыргыздын жери эч качан берилбейт. Муну атайылап курчутуп, коомчулукка жалган маалымат берип, өлкөдө тополоң салгысы келип аткандар мыйзам чегинде жазаланышы керек. Албетте, муну уюштуруп аткандардын анабашында экс-ажо А. Атамбаев тураары жашыруун деле болбой калды. Анын «мээси жок» Мискенбаевинин «Ниндзянын» образында ошол акцияны уюштуруп жүргөнү буга далил. Ошондо булар кандай жоопкерчилик тартышат болду экен?”

Мээрбек Мискенбаев митингде турат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: