Menu

Президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча комиссия Роза Отунбаеванын абактагы Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча арызын кароону токтотту

Бөлүшүү:

КР Президентинин алдындагы ырайым берүү боюнча комиссия Роза Отунбаеванын «Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча кайрылуусун кароону токтотту. Бул тууралу аталган комиссиянын жоопттуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, парламенттин 6 фракциясынын лидерлери кол койгон  Роза Отунбаеванын арызын канааттандыруу үчүн айыпталуучунун дагы макулдугу керек, ошондуктан Отунбаеванын арызын карап жаткан комиссия Өмүрбек Текебаевден арыз жазып берүүнү өтүнгөн, ал эми Өмүрбек Текебаев ырайым суроодон баш тарткан. Ошондуктан комиссия өз ишин токтотууга аргасыз болгон.

Өмүрбек Текебаев ага карата тагылган айыпты негизсиз деп эсептеп, ага жана ӨКМдин мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон кылмыш ишти саясий иш деп атаган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылы россиялык бизнесмендерден 1 млн доллар пара алгандыгы үчүн былтыр, 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Аларды баардык инстанциялардагы соттор КР кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча күнөлүү деп табышкан.

Булак:KyrgyzToday   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: