Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаев бийликке келгенден кийин гана кызматтык жылдызы жанган Болот Отунбаевдин Кыргызстандын АКШдагы элчилик кызматка талапкердиги боюнча документтери КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине келип түшкөн.
2012-жылы Болот Отунбаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына дайындалган.
2016-жылы Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалган.
2019-жылы Болот Отунбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалганы турат.
КР Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитетине анын документтерин Тышкы иштер министрлигинин макулдугу менен КР Президентинин аппараты жөнөткөн. Демек Отунбаевдин танкасы күчтүү, комитет колдоп берет.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ