Menu

Казакстанда бала зордуктоого айыпталган киши 7 жылга соттолду

Бөлүшүү:

10-январда Түркстан шаардык сотунда Абай айлындагы зордукталган баланын иши боюнча өкүм чыкты. Айыпталуучу 7 жылга соттолду. Сот жабык режимде өттү.

“Сексуалдык зордук-зомбулук аракеттери” беренеси боюнча айыпталган 16 жаштагы өспүрүм 7 жылга эркинен ажыратылды. Калган үч шектүүгө карата козголгон кылмыш иши токтотулду, себеби алар 14 жашка толгон эмес.

Абай айлындагы жети жаштагы баланын сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу маалымат былтыр март айында чыккан. Айылдын 60 жаштагы тургуну “Азаттыктын” казак кызматына небереси 2017-жылдын август айынан тарта жогорку класстын окуучулары тарабынан “уур-токмокко, сексуалдык зомбулукка” кабылганын билдирген. Бирок жергиликтүү полиция арызды үчүнчү кайрылуудан кийин гана кабыл алган.

Бул окуя социалдык түйүндөрдө чоң резонанс жараткан. Бир нече жергиликтүү чиновник жумуштан бошотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: