Menu

Тамактануу эмес, волейбол шеринеси жайылууда

Бөлүшүү:

Шерине десе эле мампайып тамак жеп, шарап ичкен көрүнүш элестейби? Жок, жаңылашасыз. Бишкектеги кырк жаштын кырын ашкан келиндер шерине уюштуруп, ага волейбол ойноп сергек жашоону жайылтып келишүүдө.

Уюштуруучулардын бири Гулжан Тойчубаеванын айтымында, аялдар волейбол ойногонуна үч жылдан ашканын билдирди. Бул аралыкта аялдар «шерине» деп убакытты бекер кетирбей, ден соолугун гана чыңдабастан элге жакшы үлгү болууда. Ар кандай дары ичпей эле 15 кг арыкташып, анча-мынча оорудан арылып жүргөнүн айтьппты. Аялдар ар жумада эки жолу машыгып, демалыш күндөрү мелдешке чыгып таймашып турушат. Арча-Бешиктеги «Газпромдун» волейбол залына уюшуп барып, мелдешке жыйырмадан ашык команда катышканы аялдар арасында волейбол оюну кызыктырууну жаратканы кубандырат. Бул аялдар арасында уюшулган мындай жөрөлгө Борбор Азия ичинен Кыргызстанда эле бар. Аялдар арасында Кыргызстандагы волейболго кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчы, жайдары мүнөзү менен белгилүү Гүлнара Тойгонбаева дагы эки жылдан бери катышат. «Башында келгенде топ ойной албай жүргөнбүз. Эми кайрадан шамдагай болуп, такшалып калдык. Азыр машыгууга чуркап турам. Эң сонун экен. Волейбол ойногон келиндердин баардыгы маанайлары өзгөрүп, шайдоот болгонун айтып калышат. Чындыгында, бул эмоционалдык абалды дагы стабилдештирип, стресске каршы турууга дагы түрткү болууда» дейт Гүлнара айым.

«Күлүп кой» деп жайдар мүнөзүнөн жанбаган Гүлнара Тойгонбаевадан үлгү алып, үйдө отуруп кайгыга баткан келиндер дагы уюшуп топ ойноого чыкса деген тилектебиз. Энесинин сергек жашап, спорт менен машыкканын көргөн уул-кыздар дагы спортко тартылып, калктын саламаттыгы жакшырмакчы.

Мындай уюштуруу иштерин колдоого алып, 40 жаштан жогорку келиндер арасындагы оюндар бир гана Бишкек шаарында эмес, аймактарга дагы жайылып, аялдардын эс алуу шеринеси дасторкондо жайылган тамак-аш, жеп-ичүү менен чектелбей, мактаныч менен дүнүйө-мүлк, жылтыр-жултур болуп жасалмалуулук менен жашоону өткөрбөй, ар ким бир келген жашоону жакшы жашаса деген тилектебиз.

Гүлмира Үмөталиева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: