Menu

Апенди менен Абдылданы «ыйлаткан» Курсан Асанов

Бөлүшүү:

Айтылуу генерал Курсан Асанов ИИМдин орун басары болуп отурганына сегиз жыл болду (мыйзамга ылайык ротация төрт жылда экенин эскертебиз). Отурган креслосу деле жешилип, жыдып бүткөнү качан? Анан калса, Жогорку Кеңешке байма-бай каттаган «дүжүр» генералга айланып алганычы? Депутаттар деле Курсандын «фокус-мокустарына» көнүп бүтүшкөн, көп деле кыйнаган суроолорду беришпейт. Үстүртөн гана божурамайлар. Ал ЖКга барган сайын кандай суроо болбосун, «териштиребиз, мыйзам чегинде каралат, эске алабыз…» сыяктуу тапталган ж.б. жорумдар. Жайпайт да жигит, жайкайт, кайкып учканга канаты гана жок. Баса, бир курдай кара тору Курсан акабыз ИИМдин билимдүү ардагерине чалып, «Шамке, полиция менен милициянын кандай айырмасы бар? Айта салыңызчы, журналисттерге интервью бергени жаткам…» деп боорду эзиптир. Мындай юморлорун санап отурсак, Апендини да «ыйлатчудай».  Айтор, душманды деле күлдүрүп, бапылдаган тили менен оңой эле маанай өзгөртүп, тамашага чалгандын устасы болуп алган эй! Абдылда куудулду чаңында калтырып, саал «кыйнай»  баштаганын байкап жүрөбүз. Эмесе, кичине ИИМден эс алып, театрга барып, оң-сол каармандын ролун жаратып турса кандай, ыя? Тарых үчүн кинолорго тартылып. Генералдыкка жеткенден кийин «Эл артистин» алуу кеп бекен?..

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: