Menu

Мас айдоочунун жазаланганы – биздин өмүрдүн кепилдиги!

Бөлүшүү:

2019-жылдын 1-январынан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдардын өлчөмү көбөйдү. Тактап айтканда, мас абалында машине айдагандарга 17 500, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 миң сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7 миң 500 сом, айдоочунун мастыгын аныктоого каршылык көрсөткөндөргө, «Тез жардам», өрт өчүрүүчү, куткаруучулардын унааларына жол бошотпогондорго, техникалык мүчүлүштүктөрү бар, пайдаланууга уруксат берилбеген унааны айдагандарга 5 миң 500 сом, милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн унааны айдагандарга, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандарга 3 миң сом, мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай калктуу аймакта машина айдагандарга 1000 сомдон, ал эми ушул эле эреже калк жашабаган аймакта бузулса 3000 сом айыппул салына баштады.

Алаканын ушалаган МАИ кызматкерлери дароо ишке киришип, 4 күндүн ичинде мас абалында машина айдаган 15 адамды кармап, ар бирине 17 500 сомдон айыппул салышты. Бюджетке 262 500 сом айыппул төлөндү. Албетте, бул жагы абдан жакшы болду десек жаңылышпайбыз. Мас айдоочуларды жазалаш керек. Керек болсо эркиндиктен ажыратканга чейин барса болот. Анткени, кекиртегин тыялбаган айдоочулардын айынан жол кырсыктары көбөйүп, ден соолукка залал келген, адам өмүрү кыйылган учурлар болууда. Мыйзамдын бул беренесине эч ким каршы чыкпаса керек.

Жалпылап айткандай жол кырсыгынын айынан канчалаган кырчын өмүрлөр кыйылууда? Айрыкча наристелердин өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып жатканы жашыруун эмес. Жол эрежесин бузгандарды кан дай жол менен болбосун жазалоого милдеттүүбүз.

Ошону менен бирге МАИ кызматкерлерине көзөмөлдү абдан күчөтүш керек. Булардын чырагына май тамып, күнү тууп, «алкымы» кеңейди. Жыл жаңырары менен «ставкасы» көтөрүлгөнүн карапайым калк канкакшап айта баштады. Негизи бүт жолдорго камера орнотуп, таяк көтөргөн МАИни (адам ресурсу аралашкан жерлерди) жоюш керек эле. Биз аны жасабай туруп айыппулду көтөрүп, МАИ тармагындагы коррупциянын күчөшүнө шарт түзүп бердик. Мунун кесепети чоң болот.

Коррупциялык схеманы түзүп коюп, анан пара бербе деп элдин бетине тырмак салгандын өзү туура эмес. Күнүмдүк тиричилигинде жолун бөгөп жатса арзан кутулуш үчүн ар бири түрдүү арга-амалды издейт. Мурун 200 сом дегендер азыр бери дегенде 500 сомду оозанып турса карапайым элдин кыжыры кайнай берет.

Бул маселеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да өз пикирин билдирип: «Бири аны жактаса, бири нааразычылыгын айтууда. Бирок биздин милдет – жолдор коопсуз болуп, адамдар кырсыктан тышкары болуусун камсыздоо. Өлкөдөгү айдоочулардын маданиятын өзгөртүүгө, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактай билүүсүнө жетишүүбүз керек. Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айыппул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган. Айрым ченемдер катаалдаштырылган болсо да, алар милдеттүү болуп саналат жана өлкөнүн ар бир жараны аларды аткарышы абзел. Жарандарыбыз жазадан эч ким кача албастыгын түшүнүүсу маанилүү» деди. Ылайым өкмөт башчысы айткандай аткарылып, элдин жон терисинен кайыш тилинбесе болгону. Биз бардык жакшы саамалыктарга тилектешпиз.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: