Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда соттордун «Кудайына» айланган Манас Арабаев
дегенди билебиз. Акүйдөн түз тапшырма берип, далай бейжазык мекендештерди сыздатканы жалганбы? Жаңы президенттин келиши менен карьерасына чекит коюлуп, кызматынан четтеген. Баса, Акүйдө атайын «касса» ачып, сотко илинген иштерди өзүнчө «ставка» аркылуу чечип берип жүргөнү да айтылып жүрөт. Айтор, ондогон кишилерди темир торго тыккан Арабаев бүгүн айласын таппай арманда жүрөт. Жеке маалыматтарга таянсак, бул эргул азыр Кыргызстанда эмес. Эл жерине батпай калгандан өткөн кордук барбы?!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ