Menu

Атамбаевдин уулу элдин эсебинен капчыгын 200 миллион сомго толуктап келет…

Бөлүшүү:

“Үй-бүлөмдү бийликке аралаштырган жокмун”-деп көкүрөк койгулап келген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев Кыргызстандын энергетика тармагынан миллиондогон кирешелерге туйтунуп келгени белгилүү болду. Болгондо да бел оорутуп, кол жоорутуп кыйналбай эле жылына 165 миллиондон ашуун сом менен капчыгын калыңдатып келген тура.

Эми тактап айтып берели, Кыргызстандагы ГЭСтер жылына Сейит Атамбаевге (“Автомашэнерго”) 402 млн квт-саат электр энергиясын 36 тыйындан берет экен. Анын жалпы баасы 144 млн 720 миң сом болот. Анан ал электр энергиясы Сейит Атамбаев элге 77 тыйындан тарта (700 Квт-саатка чейинкиси гана) 2 сом 16 тыйынга чейинки баада сатат.

Эми биз анын 77 тыйындан гана саткандагысын эсептейли. Ошондо 402 млн квт-саат электр энергиясы 309 млн 540 миң сомду чапчыйт. Ортодогу айырмачылык, же Сейит Атамбаевдин кирешеси 164 млн 820 миң сом болот. Эгерде мына ушул эле ишти мамлекет өзү жасаганда кандай болот эле? Ошол 164 млн 820 миң сом мамлекеттик бюджетке түз келип түшөт болчу.

Ал эми 700 квт-сааттан жогоркусун 2 сом 16 тыйындан эсептегенде элдин эсебинен Сейит Атамбаев дагы канча миллионго маарып атканы белгисиз. Кыштын ызгаарында бардык эле кыргызстандыктардын үйүндө электр энергиясы көп колдонулат. Демек, 700 квт-сааттан көп колдонобуз. Ошондо Сейит Атамбаевдин капчыгы дагы жок эле дегенде 200 млн сомго толукталары турган иш.

Бир убакта биз элдин эсебинен байып атат деп Бакиевдерди кууганбыз, ал эми Сейит Атамбаев дагы деле элдин эсебинен баюуну улантууда.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: