Menu

“Райым-миллион” кызматка кайра качан келет?

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Кыргыз Өкмөтүнө доо арызын толук бойдон канааттандыргандан кийин, бул жаатта талкуулар күчөдү.

Коомчулук “Райым-миллион” деп тергеген Р.Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская: “Мыйзамга ылайык Бишкек шаардык сотунун чечими дароо эле күчүнө кирет. Ошентип, Райымбек Матраимов Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлыгына кайтадан барууга толук укуктуу”- деп ого бетер бүйүр кызытты. “Райым-миллиондун” тегерегинде талаш-тартыштардын күчөшүнө “Википедияга” жарыяланган “Матраимовдордун коррупциялык кланы”- деп аталган макала да өз таасирин тийгизди. Президент С.Жээнбеков президенттигинин биринчи жылдыгынын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында Р.Матраимов тууралуу: “Мурунку бийлик аны жети жыл калкалап, өстүрүп, кызматын колдонуп келген, ошондо жакшы да, мен президент болуп келгенден кийин жаман болуп калабы?”- деген тейде оюн билдирип, бирок журналист Элнура Алканова изилдеп чыккан мүлктөрү тууралуу териштирүү жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

“Райым-миллион” жөнүндө кеп-сөздүн көбөйүшүнө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аракети күч болду. Ал “Апрель” телеканалына маек куруп, сөз арасында Райымбек Матраимовду коррупционер атап, аны азыркы Кыргыз бийлиги өзү канатына калкалап жаткандыгын айтканы бар. Башкача айтканда, “Райым-миллион” жөнүндө коомчулукта кескин терс пикир пайда кылуу менен, аны азыркы бийликке жабыштырып, Жээнбековдун башкаруусуна көө сүртүү аракети байкалып турат. Атамбаевдин айтканынын канчасы чын, канчасы жалган, убакыттын өтүшү менен билинери турган иш!

Белгилей кетчү жагдай: буга дейре Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту дагы Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары жумуштан мыйзамсыз бошотулгандыгын ырастаганын.  Мындай чечимге макул болбогон Кыргыз Өкмөтү андан жогорку инстанцияга даттанган эле. Эми, Кыргыз Өкмөтү бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко кайрадан даттанмакчы.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимовду мурунку премьер-министр Сапар Исаков “Жемкорлук схемага катыштыгы бар” деп айтыптап, жумуштан бошоткон. Бирок, “Райым-миллион” Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын мындай кечимин жүйөөсүз деп таап, дароо сотко даттанган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: