Menu

Өмүрбек Текебаев: “Бүгүн Кыргызстанда беш саясий лидер болсо, ошонун бирөө, экөө болсо, ошонун бирөө ­– Мадумаров”

Бөлүшүү:

– Өмүрбек Чиркешович, акыркы убакта соцтармактарда Адахан Мадумаровду дискредитациялоо, каралоо кампаниясы активдүү жүрүп жатат. Мына ушул кампанияда Адахан Кимсанбаевич менен сиздин теледебаттагы дискуссияңыздын фрагменттерин кесип, видеолорду ага каршы пайдаланып жатышат. Мындай аракеттерге кандай баа бересиз?

– Биринчиден, мындай жосунсуз кылык-жоруктар Мадумаровдун саясий оппоненттеринин колунан келген иш. Экинчиден, бул абдан ыплас аракеттер. Мадумаровду Текебаевге каршы коюу аракети эле эмес, анын жүз миңдеген тарапкерлерин “ата мекенчилерге” карама-каршы коюу аракети экени көрүнүп турат.

Ал теледебат шайлоо алдында болгон. Теледебаттын мүнөзү жана кайрыгы шайлоо логикасынан улам келип чыккан. Менин Адахан Кимсанбаевичке койгон суроолорум ыңгайсыз суроо, риторикалык суроо катары гана мааниге ээ. Ал суроолор Адахандын адамдык, саясатчы катары кадыр-баркын түшүрбөйт жана кымындай да зыянын тийгизбейт деп эсептейм.

– Адахан Кимсанбаевич жөнүндө сиз кандай ойдосуз? Ал кээде сизди “саясий оппонентим” деп айтып, бирок сыйлай турганын жашырбай жарыялап жүрөт…

– Мадумаров менен мен саясий оппонент деле эмесмин. Биздин идеябыз, идеологиябыз 90 пайызга дал келет. Ал идеология – элге кызмат кылган, патриоттук бийлик системин түзүү. Кыргызстанда мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотуу. Улуттук байлык эл үчүн пайдаланылып, адилеттүү түрдө калктын бардык катмарына бөлүнүшүн камсыз кылуу. Таза шайлоолор менен эл тандаган, эл сыйлаган мамлекеттик бийликти түзүү. Болгон айырмабыз – мен парламенттик системди колдосом, ал президенттик системди колдоп келет. Болгон айырма ушул. Мен жана айткандай, биздин көз караштар 90 пайыз дал келет.

– Адахан Кимсанбаевич менен жеке мамилеңиз кандай?

– Адахан менен мен 1995-жылдары таанышып, чогуу иштеп келе жатабыз. Ал мени улуу катары ар дайым сыйлайт. Эл алдында бир да жолу каяша айтып, тийишкен эмес. Мен тийишсем, албетте, ал ошого ылайык жообун кайтарат.

– “Адахан Мадумаров Бакиевдин кандуу бийлигинин убагында мамлекеттик кызматта турган” деген дооматтар бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– “Тулпар тушунда” деп коёт. Ошондой эле ар бир саясатчынын кел-кели келе турган мезгил, тарыхый доору болот. Мадумаров 1995-жылдан бери кыргыз саясий ландшафтында калдайган орунду ээлеген фигура. Бүгүн Кыргызстанда беш саясий лидер болсо, ошонун бирөө, экөө болсо, ошонун бирөө. Адахан Кимсанбаевичтин бүгүнкү тарыхый кырдаалдагы абалына ушундай баа берем.
Саясатчы прагматик, реалист болуш керек. “Бийликке келген адам жаман” деп үйдө отуруп алса, анда ал эч нерсени өзгөртө албайт. Адахан Бакиевдин убагында иштесе, мен Атамбаевдин убагында иштедим. Бул деген сөз “Мадумаров Бакиевдин идеясын жүз пайыз бөлүшүп, колдоду” же “Текебаев Атамбаевдин идеясын жүз пайыз бөлүшүп, колдоду” дегенге жатпайт. “Саясий прагматизм”, “саясий реализм” дегенди биздин окурмандар ушундай түшүнүшүн каалайт элем. Бирок “прагматизм” деп эле кечээги жана бүгүнкү бийликке кошоматчылык кылып, чындыкты көрбөй, көздү жумуу туура эмес болот.

– Бул багытта учурдагы президент Жээнбековдун иш-аракеттерине кандай баа бересиз?

– Саясий прагматиктин мисалы катары Сооронбай Жээнбековду да көргөзсө болот. Убагында ал Акаевдин учурунда жооптуу кызматта иштеди, Бакиевдин убагында өкмөт мүчөсү болду, Атамбаевдин убагында да губернатордон баштап, өкмөт башчысы, президенттикке чейинки кызматтарды ээледи. Бирок мүмкүнчүлүк жаралганда өз алдынча саясат жүргүзүп кетти. Мирзийоевге дагы ушундай суроо беришти, “Сиз Каримовдун убагында унчукпай жүрдүңүз эле го…” деп. Ошондо ал ачык эле айтты: “Каримовдун алдында унчукканымда мен азыр президент болуп, алдыңызда турбайт элем, башка жакта болот элем”, – деди. Сооронбай Жээнбеков дагы бүгүн өз алдынча саясат жүргүзгөнгө аракет кылып жатат. Жээнбеков парламентаризмди, парламенттик республика курууну өзүнүн иш-планы, максаты деп жарыялады. Ошондуктан мен анын бул саясатын колдойм. Бирок биз парламенттик республика шартында жашаган жокпуз. Атамбаев президенттик “өзүм билем” деген саясий системди түздү, бүгүн Жээнбеков башкарып жаткан саясий систем деле “өзүм билем” деген систем. Бакиевдикинен, Атамбаевдикинен эч кандай айырмаланган жери жок.

Азыр парламентте абал башкача. Парламенттик фракциялардын көбү өз лидерлерин жоготушту. Парламент алсырады. Фракцияларда бекем ынтымак болбой ыдырап, бириндеди. Бүгүнкү парламент парламентаризм принциптерин ишке ашырууга алсыз болуп турат. Ошондуктан 2020-жылкы шайлоо көп маселелерди чечет.

Чыныгы парламенттик башкарууга өтүүгө саясий партиялар, саясий лидерлер даяр болуш керек. Ал лидерлер 2020-жылкы парламенттик шайлоодо аныкталат. Уткан партиянын лидери өкмөт башчы болуп, Конституцияга ылайык, толук бийликти колго алыш керек. Жээнбеков 20-жылкы шайлоодон кийин бийликтин баарын өкмөт башчысына өткөрүп, Конституцияны өзгөртпөй эле, бир нече мыйзамдарды өзгөртүү менен бийликти өкмөткө оодарса болот.

– Ал кайсы мыйзамдар?

– Бүгүн АКС (коррупцияга каршы күрөшүү кызматы) УКМКнын алдында. Ал кызмат УКМКдан чыгып, премьер-министрге түздөн-түз баш ийген агенттик же кызмат болуп калыш керек. Экинчиси, Конституцияда Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүү демилгеси да өкмөттө болот. Башка өлкөнүн өкмөттөрү, мамлекет жетекчилери менен премьер-министр сүйлөшүп, эл аралык келишимдерге кол коёт. Премьер менен макулдашып, президент да кол койсо болот. Бирок убагында “премьер менен макулдугусуз эле президент сырткы саясатты жүргүзө берет” деген мыйзам кабыл алынып кеткен. Ошол мыйзамды жокко чыгарып, 20-жылдан тартып тышкы саясатты жүргүзүү демилгесин өкмөт өз колуна алышы керек. Бул Сооронбай Жээнбековдун тарыхый миссиясы болуп калат. Анын президент катары негизги миссиясы – Атамбаев түзгөн “өзүм билем” саясий системин талкалап, элдик бийликти өкмөт менен парламентке өткөрүп берүү болуп эсептелет. 2020-жылы ошол пландарын ишке ашырса, Жээнбеков элге берген убадасын аткарган болот деп эсептейм.

(Маекти алууга жардам берген адвокат Искен Афиджановго ыраазычылык билдиребиз)

Булак: “Супер-инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: