Menu

Кичи автобустардын айдоочулары иш таштабайт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-январда шаардык транспорт башкармалыгында жеке ташуучу фирмалардын жетекчилеринин жолугушуусу өттү.

Чогулуштун жүрүшүндө «Альянс Бус» ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди кичи автобустардын айдоочулары иш таштоого чыкпаарын айтып, ММК булактарында жана социалдык тармактарда мындай маалыматты ким таратып жаткандыгы ага белгисиз экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар жүргүнчү ташуучулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоого,  жүрүүчү составдын санитардык жана техникалык абалына көзөмөл жүргүзүүгө, айдоочулардын жүргүнчүлөр менен баарлашуусунун маданиятын жакшыртууга багытталган иштерди талкуулашты.

Бишкектин вице-мери Максим Ситников жол киренин баасын көтөрүү маселлеси бир күндүн ичинде чечилберин билдирип, аталган маселени чечүү үчүн баардык процедуралар каралышы керек экенин айтты. Анын айтымында, бул маселе  Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы тарабынан каралып, Мамлекеттик монополияга каршы агенттиги менен биргелешкен регулятордук анализ жүргүзүү керектелет.

Жолугушуу борбор калаанын мэриясы, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана «АльянсБус» ташуучулар ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: