Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков КР финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, көрүлүп жаткан чаралар жана 2019-жылга карата пландар талкууланды.

Финансы министри республикалык бюджетке салык жана башка кирешелер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоодо экономиканын жана салык салуу режимдеринин бардык факторлорун эске алуу керектигине көңүл бурду.

Ал финансылык тартипти бекемдөө, министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын оптималдаштыруу, республикалык бюджеттин балансын камсыз кылуу фискалдык тобокелдиктерди азайтуу боюнча маанилүү чаралар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Президент бюджеттин аткарылышын 2018-2040-жылдары КР Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына ылайык ишке ашыруу милдетин койду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: