Быйыл, 2019-жылы жогорку окуу жайларга тапшыра турган, кыргыз тилин билген абитуриенттер артыкчылыктарга ээ болот. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мындай өзгөртүү абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу боюнча жобого киргизилди. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнунда кабыл алынган токтомуна ылайык, ЖРТдан бирдей балл алган, бюджеттик орунга талапкер болуп жаткан эки абитуриенттин «Кыргызтест» системасы боюнча эне тилди билгендиги тууралуу аттестаты барына артыкчылык берилет.
Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы аталган тесттен өтүү ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
Сертификатты алуу үчүн абитуриенттер кыргыз тилин башка тилдерден (орус, өзбек, тажик) кем эмес деңгээлде билүүсү зарыл.
2019-жылдын 1-мартынан тарта мектеп окуучулары тестти Кыргызтесттин расмий сайтынан өтсө болот.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ