Menu

Мамкаттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча атайы бланкалык продукцияны жана жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга айдоочунун жекелигин идентификациялоочу эл аралык талаптарга дал келген жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн көрүлүп жаткан даярдык иштери жөнүндө маалымат берилди.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталат.

Бүгүнкү күндө МКК жаңы муундагы транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча атайы бланкалык продукциянын жана айдоочулук күбөлүктөрдүн техникалык спецификасын, эскиздерин жана схемалык сүрөттөлүшүн иштеп чыкты.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн эмес жогорку сапаттагы пластиктен жасалат. Бул Кыргыз Республикасындагы айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү мууну болуп саналат. Анын пландаштырылган колдонуу мөөнөтү 10 жыл эсептелет. Ошондой эле пластикалык карталар түрүндөгү транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө жаңы күбөлүктөрдүн киргизилиши пландаштырылууда.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү ишке киргизүү Кыргыз Республикасындагы жол коопсуздугун реформалоо боюнча иш-чаралардын тизмесинде каралган, бул курсанттарды тестирлөө тутумунун көзөмөлүн катаалдаштырууга жана документти жасалмалоонун тыйылышына алып келет

Учурдагы айдоочулардын күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу саналат, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат.

Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, айдоочулук күбөлүктү жана атайы бланкалык продукцияны персонификациялоо жеке компаниядан мамлекеттик мекемеге өткөрүлөт. Буга байланыштуу атайы бланкалык продукциянын наркы болжол менен 40-50%га төмөндөтүлөт, анткени, бланкалык продукцияга карата баанын түзүлүшүндө жеке компаниянын кирешеси эсептелбейт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине көңүл бөлүү менен жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн берилишине карата даярдык иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: