Menu

Жалал-Абадда жергиликтүү салыктар боюнча киреше ашыгы менен аткарылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында өткөн жылы жергиликтүү бюджетке салык кирешесин жыйноо ашыгы менен аткарылган. Жалпысынан өткөн салыштырмалуу 14 миллион сомдук салык кирешеси ашыкча жыйналган. Бул тууралуу шар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, өткөн жылы жергиликтүү салыктар шаар боюнча алдын ала эсептөөлөр менен 346,2 миллион сомго жыйналган. Ал эми 2017-жылы бул көрсөткүчтүн көлөмү 332,2 миллион сом болгон. Ошентип, жылдык өсүү темпи өткөн жылга карата 104,2 пайызга жетти.

Шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровдун айтымында, мындай өсүү шаарда жаңы ишканалардын ачылышы, жумушчу орундарынын түзүлүшү, өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы, жалпы салык базасынын акырындык менен кеңейип баратышы менен
түшүндүрүлөт.

Эске сала кетсек, өткөн жылы Жалал-Абад шаарында 50 жаңы ишканалар ачылып, 742 жумушчу орундары түзүлгөн.

Булак: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: