– Кыргыз эли байыркы элдердин бири.
Ата-бабабыздан калган каада-салттарыбыз, үрп-адаттарыбыз бар.
Көчө-гөйдө жүрүп алып түкүрүнүп-какырынмай бабаларыбызга жат адат болгон. Манас атабыздын осуяты боюнча жарытылышты көздүн карегиндей сактшыбыз керек. Бабаларыбыз көрүнгөн жерге түкүрбөгөн, таштанды ыргыткан эмес.
Эми азыр коом башка болуп кетпедиби. Ошондуктан, кабыл алынган мыйзам нукура, көчмөн философиялык болду. Элдин көзүнчө какырынып-түкүргөндү каалагандар, ошондон ырахат алгандар бар болсо, ошондой мамлекеттер бар. Кээ бир мамлекеттерде көчөдө заара кылсаң да болот, ошол жактарга барышып, эс алып келишсин. А биздин ата-бабабыздан калган таза маданиятыбызды бузушпасын. Бузушпаса айып пул төлөшпөйт. КМШ мамлекеттеринде эң биринчи Кыргызстан ушундай тазалыкты сактаган мыйзам кабыл алды. Буйруса эң таза эл, эң таза мамлекет болобуз.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ