Menu

Түркияда өз жердешин сойкулукка мажбурлаган аялдар кармалды

Бөлүшүү:

Түркиянын Манавгат районунда өз жердешин сойкулукка мажбурлап иштеткен эки кыргыз жараны (аялдар) кармалды. Мындай маалыматты жергиликтүү «Хүрриет» басылмасы жазды. Анда белгилүү болгондой, аталган райондун жергиликтүү укук коргоо кызматына 37 жаштагы К. Фатима аттуу кыргыз жараны арыз менен кайрылып, өзүнүн эки жердеши аны сойкулукка мажбурлаганын жазган.

Арызында билдиргендей, К.Фатиманы Анастасия аттуу жердеши бала багуучу жумушуна чакырган. Ал Фатимага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багарын жана ал үчүн жакшы акча аларын айткан. 2018-жылдын 10-августунда Фатима Анталия шаарына учуп барып, Анастасиянын жашаган жеринде туруп калат. Мындан соң Анастасия жана К.З. аттуу аял Фатимага сойкулук менен алектенүүнү сунушташат. Буга макул болбогондо экөө анын паспортун алып, уруп-сого башташкан. Мындай көрүнүш көпкө созулган. Эки аял Фатиманы сойкулук менен алектенбесе өлтүрүп коюшарын да айтып коркуткан.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: