Menu

Адил Турдукулов, коомдук ишмер: “2010-жылдын 6-апрелинде Атамбаевдин үйүнө спецназ кирип келгенде, ал духун түшүргөн эмес. Азыр деле аягына чейин турат…”

Бөлүшүү:

Мен буга чейин жетектеген “Учур” (бул гезитимди тартып алышкан), “Азия Ньюс” басылмалары Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде катуу сын-пикирлерди жарыялачу. Биз бийликтегилердин ишмердигин жана акылга сыйбаган ар кандай жоруктарын ачуу жазчубуз. Ошондо азыркы “баатырлар”, Атамбаевди шыбап атышкандар “устукан” мүлжүшүп, же куйруктарын кыпчып жүрүшкөн. Качан гана Сооронбай Жээнбеков бийлигин бекемдей баштаганда саясый элитадагы жагымпоздор жана жазмакер жугундукорлор жабыла экс-президентке атака башташканы күлкү келерлик. Азыр да көпчүлүгү токтоно алышпай сотко чейин бере башташты. Албетте, мындай көрпенделерге эл баасын берет, анан аларды бактысыз күнкарамалар катары эскертким келет. Кыргыздын салты ушу: ат минип турганда эр болсоң салгылаш, а жерге түшүп калганда тебелебе… Биз кечээ Адил досум экөөбүз Алмазбек Шаршеновичтин кабыл алуусунда болдук. Негизинен саясаттан баарлаштык. Анын баарын Түлеевчесинен жаза берсек, сөздүн куну кетип калат да. Айтыла турган да, сыр катары сактап коё турган да сөздөр болот. Эмесе, биз жолугушуудан кийин азыноолак маектешип, учур кырдаалына ылайык кеп таштап коюуну туура көрдүк.

– Адил мырза, кечээ экөөбүз Алмазбек Шаршеновичке барып, эки сааттан ашык соңку саясый кырдаалды талкуулап отурдук. Анын маалыматтуулугу, өлкөдөгү  көрүнүштөргө сергек маанайда ой жүгүртүп атканы мени ынандырды. Сен кандай баа бердиң? Атамбаев негизинен парламенттик шайлоого даярдыгын чыңдап атканы, андан башка чыр-чатактарга маани деле бербегенин байкадыңбы?

– Атамбаев мага жат адам эмес. 2005-жылкы революцияда чогуу болдук, оппозициялык КСДПнын борбордук бөлүмүнүн башчысы, андан кийин Атамбаев Бакиевдин өкмөтүн жетектеп турганда жардамчысы болуп иштегем. Бирок, акыркы 11 жыл ичинде биринчи жолу көрүшүп, сүйлөштүм. Мага саясатта да, турмушта да көп нерсени үйрөткөн. Мен аны эч убакта тана албайм. Ошол эле учурда бул жолугушуу, Аслан, сен экөөбүз 2010-жылдан кийинки Атамбаев Убактылуу өкмөткө жазган, айткан сын-пикирден кайтты (!) дегенди билдирбейт. Анткени ал эки революцияны жасаганга чейин “бийликти бир ууч топко бербеш керек, коррупциялык схемалардан 2-3тү ачсак эле калганы кыйрап түшөт, мигранттардын өз үйлөрүнө кайтып келишине шарт түзөбүз” деп айтып келген болчу, бирок, ал нерсе ачык айтканда, аткарылган жок. Бирок, ошол эле учурда Атамбаев бийликти тынч, мыйзамдуу жол менен өткөрүп бергени Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия аймагында биринчи тарыхый прецедент түзүп берди. Муну мен дайыма баса белгилеп келем.

– Тилекке каршы, бийлик үчүн жулунган кошоматчылар, уурулар, кузгундар “эки дөөнүн” ортосуна чок ташташып, Кыргызстандагы кырдаалды козутууга кызыкдар болуп атышканын байкап келебиз. Мунун өзү мамлекеттин туруктуулугу үчүн керек эмес болчу. Атамбаев өзү деле айтып атпайбы, “Сокеме Кудай акыл берсин” деп. Балким президентибиз Сооронбай Шариповичти чындап эле тескери күчтөр адаштырып атышабы?

– Менин оюмча, бул табигый процесс, Атамбаев коркпостон оппозицияга өтүп, кайра анын башына турганы жакшы нерсе. Эски досу менен кайра биригип, тандем түзөрүнө көзүм жетпейт. Тескересинче, азыркы учурда Атамбаев саясый күрөштү токтотпой, өзүнө ар кайсы күчтөрдү тартып, жасаган каталарын да моюнга алып, биз экөөбүзгө окшогон мурунку каршылаштырына чейин кол сунуп, мамиле кылып жатканы туура эле көрүнүш. Анткени, мындай курч саясый процесстер азыркы бийликтин авторитаризмге ыктап, үй-бүлөлүк башкарууга өткөнгө жол бербей, үчүнчү революциядан алыстатат. Мени кабатыр кылганы башка нерсе. Азыркы каталарды мурунку бийликке оодарып, же өтүп кеткен президентти мокочо кылып көрсөтүү адатынан дагы деле арыла албай жатабыз. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин убагында терс жана оң иштер болуп кеткен. Ал убакта болгон иштерге ошол убакта болгон президенттер гана эмес, аларды коштоп, шыкактап жүргөндөр да жоопкер. Керек болсо аларды да бийликке алып келген жалпы эл да жоопкер. Мисалы, мен, “Жаңы муундун” мырзалары, президент Атамбаевге каршы митингдерди уюштуруп жатканда, азыр Атамбаевди жерге киргизе жектеп, жамандап жаткандардын жыты да жок эле. Атамбаевди “ажыдаарга” айланткан өздөрү – күнкарама саясатчы, дүжүр эксперт, сатылма журналисттер. Андыктан президентти бийликте турганда сындап, туура жол көрсөтүп туруш керек.

– Бирок, менин байкаганыма караганда, Алмазбек Шаршенович камактагы командасы үчүн катуу туруп берчүдөй маанайы бар экен. Бул жаатта кайсы бир деңгээлде кагылышуулар жаралбайбы?

– Бул кайрадан Сооронбай Жээнбековдун саясатына байланыштуу. Азыркы учурда коррупция менен күрөш бир гана ТЭЦке байланып жаткандай таасир калып жатат. Ошону менен катар өтүп кеткен бийликтен өч алуу таасирин да калтырып жатат. Кумтөр, Жерүй, бажы, контрабанда, жерлерди трансформациялоо маселелери эмне үчүн бийликтин көз жаздымында калууда? Бул суроолор күчөй да, улана да берет. Мисалы, “Азыттык” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Калмурзаев мамлекеттин казынасынын ири өлчөмдөгү буудайды уурдаганын айтып берди. Калмурзаевдин менчик сойкуканасын да көрсөтүштү. Эмне үчүн бийлик, прокуратурадан эч кандай реакция жок? Ошол эле учурда Асанов, Кадыров, Карыбековго окшогон ондон ашык мамлекетчил инсандар саясый негизде абакта отурушат. Иш жүзүндө алар мурунку бийликке катуу сындарды айтып чыкканы үчүн гана камалып кетишкен. Президент Жээнбеков “аларды мен камаган эмесмин, менин күнөөм жок” дей турган болсо, туура, ката болот, анткени алар Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндө отурган болушат. Анан дагы бул жерде башка да сөздөр чыга башташы мүмкүн, “Текебаев, Жапаровго окшогон көз карандысыз инсандарды абактан чыгарбай жатканы, алардын парламенттик шайлоонун алдында өз саясатын жүргүзүп, бийликке коркунуч туудурушу мүмкүн” деген тайкы көз караштан болуп жаткан жокпу? Бирок мындай логика бийликке аброй алып келбейт, аягы да жакшы болбойт…

– А баса, сен айттың го, Путин өзү мурда тарыхта болбогондой экс-президенттерди куттуктаганын, ошолордун көч башында Атамбаев турганын… Бул кайсы бир деңгээлдеги конгуроо дейсиңби? Кандай мааниде чечмелейсиң?

– Бул нерсе эки лидердин тыгыз байланышынан болушу мүмкүн дечи, бирок эл аралык мамиледе майда же жөн жерден чыга турган нерсе болбойт. “Өзгөчө Кыргызстан үчүн эң маанилүү” делген Орусия мамлекети менен. Кремль мурда кыргыз бийлиги менен гана ымала түзсө, акыркы он жылда ар кайсы, керек болсо оппозициялык саясый күчтөр менен кызматташып келет. Ошону менен Кыргызстандын бийлигине таасири да күчтүүрөөк болчу. Бул жолу да ошондой го…

– Авантюралык сурообу же провокациялык маанайдабы… Эгер Атамбаевди камакка алуу үчүн УКМКнын аскерлери үйүнө барышса, сен ошол көз ирмемди кандайча элестетесиң? Ошого катар андан кийинки саясый кырдаал кандай болушу мүмкүн?

– Мындай болуп кетерине ишенбейм. Биз эми Армения эмеспиз да. Ал эми ошондойду элестетип көрсөк, сен, Аслан, аны жакшыраак билесиң да. Атамбаевди мындай учур болуп калса… 2010-жылдын 6-апрелинде спецназ Атамбаевдин үйүнө кирип келгенде, духун түшүргөн эмес. Аны өзүң көрүп, видеого тартканга да үлгүргөнсүң. Азыр деле аягына чейин турат…

Менин байкаганыма караганда, биз сүйлөшүп отурганда Атамбаевдин айбаты, маанайы 2010-жылдын 7-апрелине чейинки күндөрдөгү тобокелдиктей сезилди. Албетте, тарыхтын кайталанышын каалабайм. Бирок, жаман айтпай жакшы жок, өлкөдө толкундоолор чыгып кетсе бийлик жоопкер болобу?

– Шайлоо эмес, жетилген элдин нааразычылыгы менен бийлик алмашса, “бул революция” деп аталып келет. Бийлик күчү жетип алмашпай калса, төңкөрүшкө болгон аракет катары сыпатталып келет. Саясый таануу илимде ошентип жазылган, дүйнөлүк практика да ошону тастыктайт.

 Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: