Menu

Жалал-Абад: Капиталдык салымдар көлөмү өстү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында курулуш тармагында капиталдык салымдарды өздөштүрүү жана турак жай куруу жагынан өткөн жылы кыйла өсүүлөр болду. Атап айтканда, капиталдык салымдарды жумшоо мурдагы жылга караганда 112,3 пайызга, курулган турак жайлардын аянты боюнча 116,1 пайызга өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, быйылкы жылы шаар боюнча жумшалган капталдык салымдар көлөмү 751,3 миллион сомду түзгөн. Өткөн 2017-жылы анын көлөмү 669 миллион сом болуп, капиталдык салымдар 2018-жылы 83,2 миллион сомго көбөйгөн.

Ал эми курулган турак жайлардын аянты 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 2518 чарчы метрге көбөйгөн. Атап айтканда, 2017-жылы шаар боюнча 15 миң 599 чарчы метр турак жай курулса, 2018-жылы анын аянты 18 миң 117 чарчы метр болду.
Эскерте кетсек, курулган турак жайлар негизинен жеке менчик секторго таандык.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: