Акыркы жылдары Тажикстанда насыя алгандардын саны 400 миң кишиге көбөйдү. Бул өлкөнүн ар бир он тургунунун экөөсүнүн банкта насыясы бар дегенди билдирет.
Өлкөдөгү «Насыялык-маалыматтык бюронун» иликтөөсүнө караганда, тажикстандыктардын көбү үстөк пайыздары жогорку экенине карабастан социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечип алуу максатында керектөө насыяларын алышат. Бюронун директору Манучехр Абдусамадзоданын айтымында, насыя алгандардын көбүн 25 жаштан 40 жашка чейинки жарандар түзөт.
Raiffeisen Вank International немис уюмунун 2017-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Тажикстанда насыя алгандардын дээрлик жарымы банктагы карыздарын өз убагында жаба алышкан эмес. Мындан улам үй-жайынан айрылып, өмүрлөрүнө кол салган адамдар да болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ