Бүгүн, 14-январда КСДПнын ардагер мүчөлөрүнүн демилгеси менен “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын активисттери Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында алар менен жолугушуп, жакынкы учурдагы иш-чараларды талкуулашкан. Бул тууралу аталган кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов билдирди.
Ал эми 7-январда “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын активисттери Ысык-Ата районунда партиянын баштапкы ячейкаларынын мүчөлөрү менен жолугуп, партиянын ичиндеги болуп жаткан абалды кызуу талкуулап, жакын арада “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын Ысык-Ата райондук конференциясын өткөрүүнү чечишкен.
Буга чейин бул кыймылдын мүчөлөрү Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында, Токтогул району менен Бишкекте жыйындарды өткөрүп, КСДПчылардын колдоосуна ээ болушкан.
“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы быйыл КСДПнын съездин өткөрүп, Атамбаевди төрагалыктан кетирип, партиянын катарынан чыгарып, ичинен тазаланууну көздөөдө.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ