Menu

Өзбекстанда мугалимдерди мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат

Бөлүшүү:

Жакында Өзбекстанда мыйзам деңгээлинде мугалимдерди мажбурлап иштетүүгө, ар кыл төлөмдөр үчүн айлык акыларынан кармоого, анын ичинде зордоп гезит-журналдарга жаздырууга тыюу салуу пландалууда.

Бул талаптар Элдик билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан “Мугалимдин макамы жөнүндө” мыйзам долбоорунда каралган.

Мыйзам долбооруна ылайык, документ мугалимдин макамын, педагогикалык ишмердүүлүгүнүн прициптерин аныктайт. Мындан тышкары мыйзам окутуучулардын ар-намысын коргоого кепилдик берет.

Документте белгиленгендей, педагогдорду мажбурлап тазалык, айыл-чарба жумуштарына тартууга, металлолом жана макулатура чогултууга жумшоого тыюу салынат.

Ата-энелер мындан ары негизсиз түрдө мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт.

Мыйзам долбоору боюнча окутуучулар социалдык жактан корголуп, жеке педагогикалык иш жүргүзүүгө укук алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: