Menu

Казакстанда браконьерлердин кол салуусунан экоинспектор каза болду

Бөлүшүү:

Караганды облусунда белгисиз адамдар мамлекеттик “Охотзоопром” мекемесинин инспекторлоруна кол салышты. Анын кесепетинен бир кызматкер мерт болуп, дагы бири олуттуу жаракат алды.

Бул тууралуу Токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин басма сөз катчысы Сакен Дилдахмет билдирди. Маалыматка караганда, окуя 13-январь күнү кечке маал болгон. “Охотзоопром” мекемесинин инспекторлору Нура районунун аймагында жүргүзгөн рейд учурунда мыйзамсыз атылган 5 бөкөндүн этин табышкан. Андан соң инспекторлор из кууп, мамлекеттик номуру жок эки жол тандабасты байкашып, алардын бирин токтотушкан. Инспекторлор унааны текшерип жатканда, анын ичиндеги бейтааныш кишилер каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада бир инспектор башынан жаракат алып мерт болгон, экинчиси ооруканада.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кол салгандарды аныктоо жана кармоо иштери башталды.

“Охотзоопром” кийиктерди каттоо жана аларды коргоо жумуштарын алып барат. Казакстанда бөкөндөр жоголуп бараткан жаныбарлардын катарына кирет. 2014-жылы алардын саны 256 миңди түзүп, пастереллёз оорусуна байланыштуу көбү кырылып калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: