Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ирандын Карадж шаарындагы «Фатх» аба майданында Boeing-707 учагынын кыйроого учурашынан улам жарандардын курман болгонуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу презитенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Карадж шаарындагы „Фатх“ аба майданында учактын кыйроого учурашынан жарандардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ