Menu

«Кум-Бел» көмүр кенинин бүгүнкү абалы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кениндеги абал боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин алдын-ала жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй маалыматты билдирет.

Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын ишинин алкагында белгиленгендей, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кенинде жараксыз тоо-тек үймөгүн чогултуу долбоордук чечимден тышкары жүргүзүлүүдө.

Буга катар кен казууда чыккан үйүндүлөр бульдозердин жардамы менен тоо бооруна чогултулган. Жогортодо жайгашкан булак үймөктөлгөн тоо –теги аркылуу агып чыгып, төмөн куя баштаган. Натыйжада, булак суусу тоо тегинин майда урандылары жана көмүрдүн чаңы менен агып баштаган.

Учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча ишти баштады.  «Цзинь Лун» ЖЧК өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын жолугушуусу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аталган компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн ыктыярдуу түрдө скважиналарды казуу милдеттенмесин алышты.

Буга катар «Кум-Бел» көмүр кениндеги «Цзинь Лун» жана «Эркебек» ЖЧКларынын Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзамдарын жана Жер казнасы тууралуу мыйзамын сактоосуна тийиштүү пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле төрт жерден анализ үчүн суунун үлгүсү алынган. Лицензиялык тилкенин маркшейдерлик съемкасы тартылган. Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды эсептөө боюнча иш жүрүүдө.

Белгилей кетсек, мурда пландык текшерүү учурунда «Эркебек» ЖЧКсына карата жер кыртышын бузгандыгы үчүн 362 000 сом көлөмүндө айыппул салынган.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча «Кум-Бел» көмүр кенин мындан ары иштөөсү/эксплуатацияланышы боюнча тийиштүү сунуштар киргизилет.

Ошондой эле «Цзинь Лун» жана «Эркебек» ЖЧКларына карата Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн – тийиштүү чаралар, мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлерине карата жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү аткарбагандыгы үчүн тартиптик мүнөздөгү чаралар кабыл алынат.

Мындан тышкары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын чечимине ылайык, 2019-жылдын 9-11-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан «Цзинь Лун» ЖЧК жана башка компаниялардын Экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо жаатындагы ишин пландан тышкаркы текшерүү өткөрүлдү.

Пландан тышкары текшерүүлөрдүн жана алынган суу үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрүнөн (жетекчилеринен), ошондой эле Өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: