Menu

Мамкарыздын босого деңгээлин ИДӨгө карата 70 пайыз деӊгээлинде белгилөө демилгеси сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бюджеттик мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү, аны эл аралык стандарттарга жакындатуу жана мамлекеттин каржылык башкаруу чөйрөсүндөгү заманбап жаңычылдыктарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, бул долбоор менен сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруу тармагындагы бюджет тартыштыгы менен мамлекеттик карыздын өлчөмүн так чектөөгө багытталган. “Бюджеттик жыл үчүн мамлекеттик башкаруу тармагынын бюджетинин тартыштыгы ички дүң өнүмдүн 3 пайызынан ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң өнүмдүн 70 пайызынан ашпашы керек”, – деди ал.

Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгынын чеги ЕАЭБ жөнүндөгү келишимге ылайык ички дүң продуктунун 3 пайызынан ашпаган деңгээлде белгиленген. Ошондон улам, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын босого деңгээлин ички дүң өнүмгө карата 70 пайыз деӊгээлинде белгилөө сунушталууда.

Андан тышкары, мыйзамдын күчүнө кирүү датасы катары 2020-жылдын 1-январын белгилөө сунушталат. 2020-жылга чейин өткөөл мезгил каралганы белгилүү болду. Бул мезгилдин ичинде киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү толук ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укук актыларына ылайык келтирилет.

Бир катар депутаттар Кыгызстандын тышкы карыздын азыркы абалына, анын ичинде эл аралык каржы уюмдарынын карыздын азыркы көлөмүнө карата пикирине кызыгышты. Алардын арасында мындай демилгеге макул болбогондор да бар. “Биз 65 пайыз болсун дегенбиз, аны 70 пайызга чыгаруу туура эмес. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө, алар дагы абдан тобокелчиликтер бар деген”, – деди депутат Гүлшат Асылбаева.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев карыз көлөмү аталган чектен ашып кетсе, анын жоопкерчилигин ким тартарын тактады. Министр жоопкерчиликти өзүнө аларын билдирди.

Бюджет кодексинин өзгөртүлүп жаткан дагы бир беренесинде бюджеттен ишканаларга жана адамдарга берилген карыздарды кечүү демилгеси сунушталууда. Ага бир катар депутаттар каршылыгын билдирип, алмайдын бермейи да бар дешти. Алардын айтымында, карыз болгондордун арасында кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө насыя алгандар да бар, ошондуктан мамлекеттик акчанын бир тыйынына чейин парламент  көзөмөл кылышы керек.

“200 млн сомго чейин өкмөт өзү билгендей жумшайт, эгер 500 млн болсо комитеттин кароосуна алып келет деп жатасыңар. Мындай ченем туура эмес. 1 тыйын болсо да парламенттин макулдугу менен кетиши керек. Насыя алган жак аны кайтарып бериши керек. Биздикин да кечет деп күтүп жүргөндөр да болсо керек. Бул – бюджеттик акча. Банктар кечпейт болчу”, – деди депутат Зиядин Жамалдинов.

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоорун дагы дыкат карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, ушу тапта 120 млрд сом бюджеттик насыя өндүрүлбөй турат. Бул каражат фермерлерге, 2010-жылкы окуяда жабыркаган жарандарга, ар башка ишканаларга берилген. Бюджеттик насыяны убагында кайтарып бербегени үчүн кимдер жоопкерчиликке тартылганы белгисиз

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 98 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: