Menu

Депутат Талайбек Масабиров Сокулук районунун тургундары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Чүй облусунун Сокулук районунда болуп,  жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу паламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, аймактагы маанилүү маселелер айтылды. Алсак, Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Саадаш Абдылдаев орто мектебинде спорт залдын жоктугу, сугат суу келчү канал жарактан чыккандыктан айдоо жерлер кайракка айланганы маалымдалды.

Депутат Талайбек Масабиров жыйында көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө аларын айтып, айрымдары 2019-жылдын бюджетине киргенин кошумчалады.

“Саадаш Абдылдаев орто мектебине спорт зал куруу маселесин тиешелүү кызматтарга жеткирүү менен кошумча булактар аркылуу бюджетке киргизүүгө аракет кылабыз. Ал эми суу келчү канал 2019-жылдын бюджетине кирди”,-деди депутат Талайбек Масабиров.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда жогоруда аталган сугат суу келчү канал маселеси көтөрүлүп, Өлкө башчысы да көйгөйдү көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: