Menu

Өзбекстандын темир жолу жүктөрдүн бардык түрлөрүн ташууга жеңилдиктерди берди

Бөлүшүү:

«Узбекистон темир йуллари» Акционердик коому менен жетишилген келишимге ылайык, Өзбекстандын темир жолу жүктөрдүн бардык түрлөрүн ташууга жеңилдиктерди берди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолунун” басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жүктөрдү ташууну өркүндөтүү максатында 2018 жылдын 24 декабрында Ташкент шаарында “Кыргыз темир жолу”  Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коому кызматташтык протоколуна кол коюшту. Ага ылайык, Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен
ташылуучу жүктөрдүн бардык түрлөрүнө буга чейин берилген 30% жеңилдик 2019-жылга да калтырылды.

Мындан тышкары 2019-жылы Өзбек темир жолунун айрым транзиттик участкалары боюнча төмөндөгүдөй жеңилдиктер берилет:
– Ходжадавлет эл аралык мамлекеттик кесилиш пунктуна карата 35%
жеңилдик;
– Каракалпакстан эл аралык мамлекеттик кесилиш пунктуна карата
40% жеңилдик;

Ал эми Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташылуучу жүктөрдүн төмөндөгү түрлөрүнө көлөмүнө жараша жеңилдиктер белгиленди:

– 200 миң тонна майлоочу жана күйүүчү майлары, 60 миң тонна жыгач-тактайлар ошондой эле 35 миң тонна буудай азыктары кайрадан эсептелип чыгып, 30% жеңилдиктин ордуна 35% жеңилдик берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: