Menu

ИИМ: Москвада Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кызматташуусу менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардын бирөөсү карактоо боюнча издөөдө жүргөн

Бөлүшүү:

Москвада  Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кызматташуусу менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардын бирөөсү карактоо боюнча издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө 2018-жылдын июль айында Москва шаарында жана Москва облусунда Кыргызстандын жарандарынан түзүлгөн белгисиз адамдардын тобу Кыргыз Республикасынын жарандарына карата өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн
күчөтө баштады деген ыкчам маалымат түшө баштаган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштуу топ өздөрүнүн мекендештеринен акча талап кылышып,  Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында ар кандай оор кылмыштарды жасап жүрүшкөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан 2018-жылдын июль айында жогорудагы кылмыштуу топко тиешеси барлардын өздүгү такталган. Алынган маалымат боюнча кылмыштуу
топту Москва шаары жана Москва облусу боюнча криминалдык дүйнөдө “Кароочу” макамы менен бар Ош облусунун 1986-жылы туулган Р.М. аттуу жашоочусу башкарып келген.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматында Р.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Жасаган оор кылмыш иши үчүн издөөгө алынган. 2013-жылы топ адамдардын курамында Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында каракчылык менен кол салышкан жана тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. 2019-жылдын 11-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн Россиянын ИИМдин Башкы башкармалыгынын Москва шаары боюнча кызматкерлери менен бирдикте аталган кылмыштуу топту кармоо, аныктоо жана мыйзамсыз иш-аракеттерине
бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

2019-жылдын 11-январында жүргүзүлгөн бирдиктүү ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, кармалган. Алардын ичинде криминалдык дүйнөдө “Кароочу” макамы бар 1986-жылы туулган Р.М. аттуу жогорудагы топтун лидери дагы кармалган. Кийинки ыкчам-тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын бир катар кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталып,  алардын ичинен Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүмүндө
(уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандары боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандардын жогоруда жасаган кылмыш иштери боюнча күнөө тагылып, Москва ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган кылмышту топтун катышуучуларынын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы такталууда жана аталган топтун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Издөө салган тарап маалымдалды. Учурда Минск конвенциясына ылайык өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер  чечилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: