Menu

Анжиянда ишкерлерди кыйноого алган төрт милиция кызматкери сурак берүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын кеминде төрт кызматкери кармалып, Улуттук коопсуздук кызматында сурак берүүдө. Бул маалыматты 14-январда облустун ички иштер органдарындагы өз булактар ырасташты.

Жергиликтүү ишкерлердин бири учурда бизнесмендерди кыйноого алуу айыбы менен кармалган төрт милиция кызматкери камакта экенин билдирди.

«Ички иштер башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Туланбой (Раззаков) кызматынан алынып, ага каршы кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн төрт кызматкери – Хумоюн, Одил, Ботир жана Шукур – Улуттук коопсуздук кызматынын жертөлөсүндө жатышат. Алар акыркы беш жылдан бери ИИБни мафияга айлантышкан. Ийгиликтүү ишкерлерди 15 суткага камап, бизнесин башка адамдарга өткөрүп берүүсүн талап кылып келишкен. Бул талапка макул болбогондорго каршы оор экономикалык кылмыштар боюнча иш козгоп, камап турушкан», — деди ишкер.

Анын айтымында, буга чейин облустук милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштеринен жабыркаган жергиликтүү ишкерлердин 150гө жакын тууганы прокуратурага арызданышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: