Menu

Кабул «Жамаат Ансаруллах» тобунун экс-лидеринин уулун Тажикстанга өткөрүп берди

Бөлүшүү:

Ооганстан бийлиги тажик жоочулары тарабынан негизделген «Жамаат Ансаруллах» террордук уюмунун мурдагы лидеринин уулу Саидджалолиддин Табаровду Тажикстанга экстрадициялады. Бул тууралуу 14-январда Ооганстандагы тажик элчиси Шарофиддин Имомов билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары Кабул тажик бийлигине аталган топтун терроризмге жана экстремизмге айыпталган дагы төрт жоочусун өткөрүп берди.

«Жамаат Ансаруллах» тобу 1990-жылдардын башында Пакистанда түзүлүп, «Домулло Амриддин» деген ысым менен белгилүү Амриддин Табаровдун жетекчилиги алдында акырындык менен Ооганстандын аймагына өткөн.

Топтун 2016-жылы өлтүрүлгөн лидеринин балдары Саидджалол жана Абдуфаттох Табаровдор америкалык аскерлер тарабынан 2009-жылы камакка алынып, Баграм аскер базасындагы абакта кармалып турушкан. Андан бери алардын эмнеге Тажикстанга өткөрүлүп берилбегени белгисиз.

Кабулдан дээрлик 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Баграм түрмөсү америкалык аскерлерди чыгаруу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында 2013-жылы Ооганстан бийлигине өткөн. 2016-жылы The Washington Post басылмасы Саидджалол жана Абдуфаттох Табаровдордун камактагы мөөнөттөрү аяктаганын, бирок алар Тажикстанга кайтып баруудан баш тартып, Баграм түрмөсүндө калышканын жазган.

«Жамаат Ансаруллах» – «Өзбекстан ислам кыймылынан» бөлүнүп чыккан тажик жоочулары тарабынан түзүлгөн террордук топ. 2010-жылы сентябрда Хожент шаарындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын имаратына кол салуу болуп, ал үчүн жоопкерчиликти «Жамаат Ансаруллах» тобу алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: