Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков КР Мамлекеттик чек ара кызматына автомобиль техникасын тапшыруу аземине катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда КР Мамлекеттик чек ара кызматына автомобиль техникасын тапшыруу аземине катышты.

Жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү боюнча Макулдашууну ишке ашырууга ылайык берилди.

Техника боюнча маалыматты КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан чек ара коопсуздугу тармагында гана эмес, башка дагы кызматташтыктын маанилүү тармактарында берилип жаткан Россиянын жардамын жогору баалай турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелерди бекемдеп, аймактык коопсуздукту камсыздаганы үчүн Россия тарапка, Президент Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. «Биз Россия менен болгон стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыкты, колдоосун жогору баалайбыз. Мындан ары дагы ЕАЭБдин алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө Кыргызстан менен Россиянын келечеги үчүн салым кошууну улантабыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Иш-чарага Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько жана РФ Транспорт министрлигинин «Росчегарасынын объектилерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча дирекциясынын» кеңешчиси Михаил Семенов катышты.

Өкмөттөр аралык Макулдашууга ылайык, Россия ЕАЭБдин чек арасынын кыргыз участогуна, анын ичинде өткөрүү пункттарынан сырткары жерлерди дагы техникалык жана инженердик жабдуу боюнча жумуштарга 48,58 АКШ долларын бөлүп берүүдө.

Россия тарап 125 даана автомобиль жана атайын техниканы алып келди, анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч автомобилдер, экскаватор-жүктөөчүлөр, автокрандар, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар, бургулоочу жабдыктар бар. Мамлекеттик контракттын суммасы 3 млн АКШ долларды түзөт. Макулдашуунун алкагында техникалык жана инженердик жабдуу 93%га өздөштүрүлдү.

Мындан тышкары, колдонууга чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имараттардын жана жабдыктардын комплекси киргизилип жатат, алардын көп бөлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында ишке киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: