Menu

Транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги сунушталууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин сунуштады.

2017-жылдан тарта Жанат Бейшенов Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорт бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келген. 2015-2016-жылдары ал Herbert Smith Freehills эл аралык юридикалык компаниясында мамлекеттик-жеке кызматташтык боюнча консультант болуп иштеген, 2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болуп эмгектенген.

Транспорт жана жолдор министрлиги үчүн Бейшебаев жаңы адам эмес. 2005-2007-жылдары ал министрдин жана жөн гана орун басары болгон.

Жанат Бейшенов англис жана чех тилдеринде эркин сүйлөй алат. 2005-жылы ал Прага университетинин экономика илимдери боюнча доктору наамын алган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Жанат Бейшенов «Адам саламаттыгы институту» Медициналык борбору» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүнү курамына кирет. Аталган уюм Бишкекте 2008-жылы катталган, анын негиздөөчүсү УКМКнын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Досмир Өзбеков.

Эске салсак, транспорт жана жолдор министринин орду бир айдан ашуун убакыттан бери бош турат. Декабр айынын башында өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы министр Жамшитбек Калиловду көрүп, нааразычылыгын билдирген.

5-декабрда министрдин орун басары 50 миң доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалган. Натыйжасында министр Калилов кызматтан кеткен.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: