Menu

Өзбекстан чарба жерлерин кайрадан бөлүштүрөт

Бөлүшүү:

Өзбекстан өкмөтү өзбек фермерлеринин жер тилкелерин үч жылдан соң кайрадан оптимизациялоо ишин баштады. Үч жыл мурун бийлик чарба жерлерин азайтса, эми дыйкандарга кеминде 100 гектардан жер таратууну көздөөдө.

Өзбек фермерлеринин айтымында, учурда жумуш күчү менен техниканын аздыгынан 15-20 гектар жерди зорго иштетишүүдө. Аларга 100 гектар жерди пайдалануу кыйынга турат.

– Бүт түйшүк фермерлердин мойнунда. Фермердик чарбаны буттан тургузуу үчүн баарын саттык. Эгер бийлик жерибизди алып койсо эмне кылабыз? – деди жизактык фермер.

Бирок чарба жерлеринин аянтынын көбөйгөнүнө кубанган дыйкандар да жок эмес. Хорезмдик дыйкандардын бири бийликтин бул чечимин кубаттады:

– Менин 50 гектар жерим бар. 100 гектар жер берсе абдан кубанам. Мүмкүнчүлүгүм бар. Бизге көбүрөөк жер тийсе, кошумча техника сатып алам.

Азыркы убакытта өкмөттүн чарба жерлерин оптимизациялоо боюнча токтомун аткаруу үчүн беш жумушчу топ түзүлдү. Ага Айыл чарба, Башкы прокуратура, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, банк жана салык органдарынын кызматкерлери кирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: