Menu

Кара-Сууда талаада жүрүшкөн топоз-жылкыларды карышкырлар жеп кетти

Бөлүшүү:

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылындагы талаада жайылган он чакты жылкыны жана отуз-кырктай топозду карышкырлар жеп кетишти. Бул жөнүндө Кожокелең айылынын башчысы Нурмамат Үсөнов кабарлады.

– Быйыл айылда кар абдан аз жаады. Ошондуктан, карышкырлар айылдарды дагы беймарал жойлоп, элдин малын чекесинен эле жеп жатат. Ушундан улам эгерде карышкырларды мергенчилерге аттырууну каалагандар болсо, Папан айыл өкмөтү тарабынан мергенчилерге ок-дарылар дагы берилет,- деп кошумчалады айыл башчысы.

Тилекке каршы, Кара-Суу районундагы Кожокелең айылынын жашоочулары азырынча эч кандай чечкиндүү кадамга барыша элек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: