Menu

Публицист Жыргалбек Турдукожоевден спикер Дастан Жумабековго ачык кат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А. Жумабековго

Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Быйыл мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл болот. Чейрек кылымдан ашык убакыттын ичинде бул мыйзам талаптагыдай жүзөгө ашырылбай, анын абдан маанилүү ченемдеринин аткарылышы улам кийинкиге калтырылып келди. Мамлекеттик тилибиз улам бир тоскоолдуктарга учурап, кыргыз эли күткөндөй өсүп, өнүкпөй жатканы – факт. Анын мындай абалга дуушар болгонуна, албетте,  мамлекеттик бийлик бутактарынын башында тургандар дагы түздөн-түз тиешеси бар экени талашсыз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат. Бирок парламент өзү кабыл алган мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышына талаптагыдай көңүл бурбай жатат. Бул маселе Жогорку Кеңеште күн тартибине акыркы ирет качан киргизилип, качан каралганын бүгүн так айта албайбыз.

Мамлекетибиздеги көйгөйлүү маселелердин бири – бул мыйзам, ченемдик укуктук актыларды чыгаруу ишиндеги сабатсыздык. Парламент кабыл алган, баш-аягы он чакты электен (инстанциядан) өтүп, Президент кол койгон ар бир мыйзамда ондогон, а түгүл, жүздөгөн каталар орун алууда, расмий тилде “бээ” десе, мамлекеттик тилде “төө” деген мыйзамдарыбыз аз эмес. Бирок парламент бул боюнча тийиштүү жыйынтыктарды чыгарып, конкреттүү чараларды көрүп жатабы?

Дегеле мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышына байланыштуу коомчулук жогрку мамлекеттик бийлик органдарына берүүчү суроолор көп. Маселен, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иш кагаздары бул тилде кандай деңгээлде жүргүзүлүүдө? Алардын расмий сайттары мамлекеттик тилде талаптагыдай сапаттуу иштеп жатабы? Мектеп окуучулары үчүн мамлекеттик тилде чыгарылып жаткан окуу китептеринин сапаты кандай ж.б.

Маалыматтык коомду куруу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү үчүн өлкөнү санариптештирүү зарыл экенине зор маани берип, Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жылды „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыялады. Бул абдан олуттуу иштин  мамлекеттик тилдеги өңүтү кандай болот? Бул маселеге кандай көңүл бурулуп жатат? Мамлекет башчысы «Түндүк» электрондук тутуму аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөрүн айтты. Азырынча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталдары мамлекеттик тилде талаптагыдай жүргүзүлгөн жок, ал эми кээ бир порталдар бүгүнкүгө чейин расмий тилде гана иштөөдө.

Бул сыяктуу ж.б. мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышына байланыштуу маселелер Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилип, каралууга тийиш деп эсептейм.

Тиркеме: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеевге ачык кат (“Де-факто”гезити, 11.01. 2019).

Жыргалбек Турдукожоев, публицист

16.01.2019

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: