Menu

Көчө футболу Кыргызстанда жаңы субмаданиятка айланууда

Бөлүшүү:

Сүрөттө Камбар Мустафин.

Дүйнөдөгү эң популярдуу спорттун катарына кирген футбол пайда болгон күнүнөн баштап көчөлөрдө ойнолуп келген. Көптөгөн балдар бул туралуу билишет. Оюндар, адатта, футбол оюнуна шартталбаган көчөлөрдүн булуң-бурчунда өткөрүлөт. Бирок, уникалдуу техника, башкача айтканда, финттер, скиллер, фристайл ушундай жерлерде пайда болуп, өнүккөн.

Футболдун бул түрү субмаданият катары 2000-жылдардын башында гана тарай баштаган. Биринчилерден болуп көчө футболунун таралышына голландиялык “уличниктер” чоң салым кошкон. Легендарлуу Эдвард Ван Гилс, Ленни Нетебу, Нельсон Де Коку жана Суфиана Тузанилердин аркасы менен Амстердамдын көчөлөрүндө жаңы бир “атмосфера” пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен ал “жөн гана топ тебүү” эмес, өзүнүн эрежелери бар спорттун бир түрүнө айланат. Буга чейин белгисиз болгон жаңы финттерди, скиллдерди, топко ээлик кылууну ойлоп табуу менен жогоруда айтылгандар “көчө падышаларына” айланышат. Азыркы күндө болсо, көчө футболунун өнүгүшү тездик менен жүрүп, жаңы эрежелер, оюндун жаңы форматтары да пайда болууда. Бүгүнкү күндө эң популярдуулары – панна (топту каршылаштын эки бутунун ортосунан өткөрүү), фристайл футболу.

Кыргызстанда да футбол популярдуу спорттун катарына кирет. Республикабызда чоң футбол гана өнүкпөздөн, көчө футболун да алдыга сүрөгөн жердештерибиз жок эмес. Өткөн жылдын 5-декабрында өлкөбүздө биринчи жолу болуп өткөн “Панна шоунун” уюштуруучусу, кыздар улуттук курама командасынын оюнчусу Айдана Оторбаева: “Көчө футболунун багыттарынын бирин киргизүүгө аракет жасадым. Ал панна деп аталат. Интернеттен көптөгөн видеолорду таап көрсөңөр болот. Ойлоп табуучулары Голландиялыктар болуп эсептелгени менен, бүт дүйнөгө тарап отурат. Алматыда бир нече жыл мурун пайда болгон, ал эми Москвага 2007-жылы келип жеткиликтүү күйөрмандарды топтой алган.”

Казакстандын белгилүү фристайлерлеринин бири Камбар Мустафин Бишкекке бир нече жолу келген. Ал Кыргызстандагы көчө футболу боюнча төмөнкүлөрдү айтып өттү: “Жооп берүү кыйын, балдардын көпчүлүгү футболду жакшы ойнойт экен. Алар панна оюнун да билишет экен. Бирок бир нечеси гана көчө футболу, көчө маданияты жөнүндө кабардар экенин байкадым. Ошондуктан Кыргызстанда спорттун бул түрү өнүгүү этабында деп айтмакмын.”

Көчө футболунун өнүгүшүнө, дүйнөгө таралышына белгилүү бренддер да кызыкдар. Анткени футболдун бул түрү экстрималдуу спорт түрлөрүнүн бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө экстрималдуу спорт түрлөрүндө көптөгөн акча айланууда. Бул темада көптөгөн видео роликтер, фильмдер, жарнамалар, музыкалык клиптер тартылып келет. Башкача айтканда көчө футболу бардык жерде. Бизде да бул темага кайрылып, көчө футболун өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жаткан кыймыл бар. Бир нече адамдан турган бул кыймыл – “Kyrgyz Freestyle” деп аталат. Негиздөөчүлөрүнүн бири Азамат Кадыров 2016-жылдан бери тынбай иштеп жатышкандарын айтып өттү. “Биздин команда 7 адамдан турат, арасында кыздар да бар. Негизинен биз инстаграмм жана ютуб аркылуу иш алып барабыз. Башкача айтканда фристайл футбол темасындагы видео роликтерди тартуу менен. Акыркы күндөрү кызыккандар көбөйүп, спорт дүкөндөрү жарнама тартып берүүбүздү суранып жатышат. Роликтерибизди өзүбүз тартабыз, өзүбүз монтаждайбыз. Көчө футболун жаңы деңгээлге көтөрүү негизги максаттарыбыздын бири,” – деп кошумчалады.

Интернет айдыңында “вирустуу” болгон роликтердин каарманы Дони (Дөөлөт Усубакунов) 5 жашында өзү жашаган райондун мыкты футболчусу болчу. Азыр болсо футболго байланышкан жарнамалык роликтерге тартылып келет. “Көчө футболу менен профессионалдуу футболдун кандай айырмасы бар деп сурап калышат. Айырмасы көчөдө сени чектеген эч ким жок, эркинсиң. Топко каалашыңча ээлик кыла аласың жана ал үчүн сени уруша турган тренер жок”, – деп күлдү.

Футболду сүйүп көргөн Акимай көчө футболу менен алыс кете албайсың деп келет. “Ооба, дүйнөлүк футбол жылдыздарынын көпчүлүгү көчөдөн чыккан. Бирок алар футболдун бул түрүн таштап, профессионалдуу, чоң футболго келип ийгиликке жетип жатпайбы. Ошондуктан жалгыз эле көчө футболу менен чектелип калбаш керек”, – деп белгилеп өттү футбол күйөрманы Акимай.

Жыйынтыктап айтсак,эгер футбол сиздин өмүрүңүз болсо, анда көчө футболу сиз үчүн. Бул сизди жаратуучу, шыктандыруучу, лидер катары көрсөтө ала турган жер.

Саламат Шакиров,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: