Menu

Рита Карасартова, коомдук ишмер: “Өзүбүздү өзүбүз тарбиялагандын ордуна айыппулдун көптүгүн эле айтып жатабыз!”

Бөлүшүү:

– Рита эже, коомчулуктун чоң талкуусуна кабылган, нааразычылык жараткан кодекстердин жакшы жактары да барбы?

– Албетте, бар. Сөзүм куру болбош үчүн мисал менен түшүндүрөйүн. Жаңы кодекс күчүнө киргенде баш коргоо чарасын тандоо боюнча бир процесске катыштым. Ош базарда урушуп кеткен эки аялды ички иштер органдары камоого аракет кылышты. Бирок, мыйзамда так жазылыптыр. Эгер жасалган айыбы беш жылдан өйдө эркинен ажырата турган кылмыш болсо гана, ошондо баш коргоо чарасы өзгөрөт экен. Айтайын дегеним, милициянын камоого ашыкканына карабай урушуп кеткен аялды үй камагына чыгарып жиберишти. Адегенде эле жаңы кодекстин жакшы жагы байкалды. Айтайын дегеним, мурун майда барат бейбаштык кылгандарды деле милиция кармап, ишин сотко өткөрүп, дароо камаганга кызыкдар болушчу. Бу сапар аларга андай ыкма колдонууга мүмкүнчүлүк берилбей калды. Эми милиционерлер телефон уурдаганын көрүп да, камай албай турган болуп калдыкпы деп кыжаалат болуп жатышат. Себеби алар, көп учурда “каматып салам” деп акча табышчу. Жаңы кодекстин жакшы жери – майда барат нерселер үчүн камабай, капчыгын кайыштырган айыппул салганында болуп жатат. Маселен, телефон уурдаган баланы дароо эле камап жибербей, ата-энесин чакырып, айыппул салса, акчасына жаны ачышкандар экинчи андай иштен оолак болуп калышат. Эгер дагы кайталаса, экинчи жолу да чоң суммадагы айып пул салып, “үчүнчү жолу дагы жасасаң мындай жазага кептелесиң”- десе, акылы бар адам ал ишти кайталабай калат. Бул жагы жакшы. Ал эми аталган кодекстин ашыкча салынган айыппул жагы албетте түрдүү ойго кептейт. Бирок, аны маселе кылбай деле турсак болчудай. Себеби, президент өзү “катачылыктары, кемчиликтери оңдолуп, түзөлөт”- деди.

Болгону, ал кодексти Жогорку Кеңештин фракциялары өз алдынча толуктоо, өзгөртүү киргизишине каршы турушубуз керек. Себеби, бири өзгөрткөн өзгөртүүнү экинчи комитет да өзгөртүү кирип жатканын билбей катачылыкка жол берип коюшу мүмкүн. Ошон үчүн өзгөртүү толуктоого бир убакыт белгиленип, анан парламенттин жыйындар залында чогуу киргизишсе кандай өзгөртүү толуктоо кирип жатканынан баары кабардар болот да, катачылыктарга жол берилбей калат. Кыскасы, азыркы нааразычылык жаратып жаткан жагдайларды оңдоп, түзөп эпке келтирсек болот.

– Бул кодекстердин максаты айыппулду көбүрөөк салууга багытталган эмеспи?

– Андай эмес, бирок элдин жашоо-шартын эске албаган суммада айыппулдар жазылып калыптыр. Элдин көбүнүн маселеси ошол айыппул болуп жатат. Мен бир нерсеге таңгалдым. “Эреже бузбай, айыппул төлөбөгөнгө үйрөнөлү”-дебей эле тескерисинче, айыппулду эле кеп кылып калдык. “Түкүрбө, түкүрбөсөң 5 500 сом төлөбөйсүң. Мас болуп, машине айдаба, айдасаң 17 миң 500 сом төлөйсүң”- деп өзүбүздү өзүбүз тарбиялагандын ордуна айып пулдун көптүгүн айтып жатабыз. Сыягы, башаламандыктан акча тапкандар, коррупциялык система менен тымызын жан багып көнгөндөр, кирешеси азайып, акча түшчү булактары кысыла баштагандар “мурунку эле кодекс жакшы болчу”- деген ойду коомчулуктун мээсине сиңирип, жаңы кодекстерди жээриген саясат жүргүзүп жатышат.

– Рита эже, аталган кодекстер Атамбаевдин мезгилинде жазылган дешет. Эгер ошол мезгилде жазылган болсо, азыркы бийлик коомчулукту дүрбөтпөй эле күчүнө кире электен мурун неге оңдоп-түзөп, ашыгын алып, кемтигин толтуруп койгон эмес?

– Бул кодексти жазып, чоң өлчөмдө грант алышкан деген туура эмес, элди козутуу максатында тараган жалган маалымат. Тескерисинче бул реформага көп акча бөлүнүп берилбей грант берүүчү түрдүү органдардын баары кол кабыш кылышкан. Маселен, бири долбоорду жазууга жардам кылса, экинчиси видео көзөмөлдү орнотконго кол кабыш кылган. Кыскасы, бул долбоорго чаптап жаткан ири суммадагы каражат жалпы жасалган иш үчүн коротулган. Милицияларга жакын болгон Кайрат Осмоналиевге окшогон эксперттер “чоң каражат корогон, грант үчүн жазылган”- дегендей тескери маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатышат.

Ошондой эле бул кодексти Атамбаевдин же азыркы бийликтин тушунда жазылган деп бирөөгө оодара салуу туура эмес. Анткени, бул кодексти парламент Атамбаевдин учурунда кабыл алган. Азыр деле иштеп жатышат. Биз бир нерсени эске тутуп алышыбыз керек. Атамбаев менен Жээнбековдун бийлиги бир эле бийлик. Булар тирешип, айрым маселеде эки башка ойду айтышканы менен баштаган ишин аягына чыгарып, экөө тең ишинен жакшы натыйжа чыгарууга кызыкдар. Ошон үчүн Атамбаевге чаптаганыбыз орунсуз болуп калат.

– Эмне үчүн кодекстер күчунө киргенче олчойгон суммада айыппул сала турган жерлерди белгилеп, элдерге эскертүү беришкен эмес?

– Мунун баары иш комплекстүү болбогонунан кабар берет. Жол эрежеси боюнча жана “түкүрбө” деген жерлерге тийиштүү белгилер коюлуш керек. Комплекстүү иштебеген үчүн ушундай маселелер жаралып, элдин нааразычылыгын күчөттү. Маселен, мыйзамды тийиштүү тармак жазып, кабыл алса, белгилерди орнотуу башка тармактын адистерине жүктөлгөн. Эреже бузууну тартып алган видео көзөмөлдү дагы бир тармак орноштурат. Мына ушулардын баары комплекстүү иш алып барбаганы үчүн ушундай маселе жаралды. Кыскасы, кодекс күчүнө киргенде техникалык жактан да даяр болуш керек эле. Мына ошонун айынан айдоочуларда нааразычылык жаралып, белгилер толук коюлбаганы үчүн айып пулга жыгылып жатышат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: