Menu

Душанбенин тургундары өзбек газын пайдалана башташты

Бөлүшүү:

Жыл башынан тарта Душанбеде жүздөгөн үй-бүлө кайрадан Өзбекстандын газын пайдалана баштады. Коңшу өлкө 2012-жылы Тажикстанга көгүлтүр отун берүүнү толук токтоткон эле.

Маалыматтарга караганда, азырынча Душанбенин бардык райондорунда өзбек газы жеткиликсиз. Көп жылдардан бери пайдаланылбай калгандыктан, шаардагы газ куурларынын көбү жарактан чыккан.

«Душанбегаз» ишканасынан билдиришкендей, учурда аларда түтүктөрдү ондоого каражат жок. Анткен менен айрым кафе-ресторандар куурларды өз алдынча оңдоп, өзбек газын пайдалана башташты.

«Буга чейин биз «Газпромнефть» менен «Фароздон» суюлтулган газ сатып алып келгенбиз. Алар бир литрин 4 сомони 50 дирамдан сатышат. Өзбек газын колдоно баштаганыбызга бир ай болуп калды. Азыр газ үчүн дээрлик эки эсе аз акча коротуп жатабыз», — деди жергиликтүү кафелердин биринин администратору.

Учурда Душанбедеги айрым район тургундары менен ресторандардан тышкары өзбек газын шаардагы Жылуулук электр станциясы дагы пайдаланууда. Азырынча Өзбекстандан канча газ импорттолуп жатканы айтыла элек. «Душанбегаз» ишканасындагы өз булактар миң куб метр жаратылыш газын 145 доллардан алып жатышканын билдиришти.

2012-жылы Өзбекстан газ берүүнү толук токтотконго чейин тажик тарап миң куб метри үчүн 350 доллардан төлөп келген. Былтыр мартта эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Тажикстан үчүн миң куб метр газдын баасы 120 доллар деп белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: