Menu

Депутат Икрамовго берилген наам элдин кыжырын келтирди

Бөлүшүү:

Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында эки гана жыл эмгектенген депутат Тазабек Икрамовго “Билим берүүнүн мыктысы” наамы берилгенин аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Бул маалымат учурда катуу сынга алынууда. Ал Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында 1998-2000-жылдары окутуучу болуп иштеген. Андан кийин билим берүү тармагынан алыс жүргөн. Ал тургай анын депутаттык билим деңгээли көп учурда сынга алынып келген. Негизги эреже боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин тармактык наамдарды ыйгаруу боюнча жобосуна ылайык, “Билим берүүнүн мыктысы” наамын алыш үчүн жаран билим берүү системасына өзгөчө салым кошуп, методикалык колдонмолорду жазып, окуу программаларын түзүп, 20 жылдык тынымсыз педагогикалык тажрыйбасы болушу зарыл. Мындайда, уялбагандан өзүң уял дечү эле. Бирок азыр бетинде кызылы жоктордун заманы болуп кетпедиби. Иттики…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: