Menu

Антикытай митингине “Арзунун” кожоюнунун да тиешеси барбы?

Бөлүшүү:

Илгери “кыңыр иш кырк жылда билинет” дешчү. Азыр заманына жараша “кыңыр иштер” кырк күнгө жетпей ачыкка чыккан мезгил. Арадан бир жума өтпөй 7- январдагы жасалма митингдин жоо-жайы коомчулукка маалым боло баштады. Көрсө, митинг жалаң 1000 сомдуктун күчү менен “демдүү” өткөрүлгөн экен. Башкача айтканда, ар бир митингчиге “эмгек акысы” катары миң сом алдын ала төлөнүп берилген. Андан соң “чоо чаап келгенсиген”, жоон топ митингчилерди айтылуу “Арзу” кафесине алып барышып “курсактарын кампайтышкан”.

Билишибизче, “Арзу” кафесинин ээси уйгур улутундагы “капчыктуу” адамдардын бири. Буга чейин айтылып келгендей, уйгур сепаратисттеринин максаты, дүйнө элине кытай, мамлекетин жаманатты кылуу экени белгилүү. Демек, бул сөздөр жөн жерден айтылбаганын, жогорудагы окуя дагы бир жолу далилдеп жаткандай.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын эгемендигине, бүтүндүгүнө, тынчтыгына “түкүрүп койбогон” өзүмчүл саясатчы болумуштар, “арканды алыс таштай албай” уйгур сепаратисттеринин кытайды жаманатты кылуу аракеттерине аралашып кетип жатканы өкүндүрөт. Алды артыбызды карабай, аңыраңдай берсек, кытай деген улуу державанын каарына калып жалпы журтка кесепети тийип жүрбөсун?! Же эмне мекен учун болгон ыйык сезимден, бийлик, байлык деген көрпенделик сезимдер өйдө турабы?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: