Menu

Жаңы Транспорт министри Жанат Бейшенов коррупцияны жеңе алабы?

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин көрсөттү. Бул инсандын аты-жыты элге белгисиз болуп келген. Бейшеновдун бейнеси төмөнкүдөй: 49 жашта. 2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген. 2015-2016-жылдары юридикалык Herbert Smith Freehills компаниясында консультант, 2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси, 2005-2007-жылдары Транспорт министринин орун басары болуп иштеген. 2005-жылы Прагадагы экономикалык университеттен экономика илимдеринин доктору даражасын алган. Англис, чех тилдерин билет. Мындан тышкары, ал Бейшенов мурунку министр Калиловду катуу сынга алып, бийликке жагып калгандай. Жаңы министр транспорт тармагындагы коррупцияны жеңе алабы, же мурун чабылган арык менен кетеби, аны убакыт көрсөтөт. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча ал: «Медициналык борбор” жана «Институт здоровья человека» деп аталган ЖЧКлардын кожоюндарынын бири экен. Кыскасы, капчыктуулардын бири.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: