Жолдош Токторбаев “Манас” эл аралык аэропорту ААК башкармалыгынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Буга чейин директорлор кенешинин мүчөсү Адилет Жакыбалиев өз арызы менен директорлор кенешинен кеткен.
Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Жолдош Токторбаев “Манас” эл аралык аэропортунун Директорлор кенешинин төрагасы болуп шайланары жөнүндө жазышкан.
“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Жолдош Токторбаев аэропорттун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланганын “Марал” радиосуна тастыктады.
Анын айтымында, бүгүн, 16-январда директорлор кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Манастын” директорлор кеңешине талапкер 10 адамды сунуштаган. Акционерлер тобу Тилек Эралиевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында Жолдош Токторбаев директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.
“Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин курамына Жекшенбек Алыбаев, Шакир Жангазиев, Рахатбек Пирматов жана Бактыбек Турдубеков кирет.
Маалыматтар боюнча, Жолдош Токторбаевдин чыныгы аты Жолдошбек Бектурганов. Ал 2010-жылдан бери “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясын жетектеген. Авиакомпания банкрот болгону сынга алынып, бул маселени парламентте депутаттар талкуулаган. Анда эл өкүлү Гүлшат Асылбаева Жолдош Токторбаев эмне себептен фамилиясын өзгөрткөнүн сураганда ал атасынын керезин аткарганын айткан.
Кыргызстандагы жалгыз мамлекеттик «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын оор абалын чечүү үчүн буга чейин акцияларынын 49 пайызы сатыкка чыгарылган.
Булак: “Марал”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ