Menu

Иранда кыйраган учак менен вице-премьер Жеңиш Разаковдун кандай байланышы бар?

Бөлүшүү:

Кечээ жакында, тактап айтканда, 14-январда Кыргызстандан учкан жүк ташыган самолёт Иран аймагынан кырсыкка учурап, 16 экипаж кайтыш болду. Самолёт Тайланддан Кыргызстанга учуп келип, 30 тоннадан ашык эт, буудай жүктөп кеткени айтылды. Бул окуя коомчулукта ар өңүттө талкууланып жатат. Көпчүлүк бул кырсыктын айынан Кыргызстандан коррупциялык жол менен эт ташып бизнес кылгандардын былыгы ачылышы мүмкүн экенин кеп кылышууда. Анткени граждандык аэропортко аскердик жүк ташуучу учакты кондуруп, жүк ташууга ким ураксаат берген? Эт бизнеси кимдики деген суроолор жоопсуз турат. Ал арада Ак үйдөгү шыбырттарга караганда, эт бизнесине Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун тиешеси бар болушу мүмкүн экени каңкууланууда. Эгер бул сөздөрдүн чындыгы бар болсо Разаков кызматынан кол жуубастан, жоопкерчилик маселесинен кыйгап өтө албай калышы ыктымал. Негизи ушундай чырдан сөзсүз жогорку кызматтагы аткаминерлердин кулагы чыкчу эле. Андыктан жел жөн жеринен согуп жатпаган чыгаар?..

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: