Menu

Кыргызстандын Өкмөтү менен Катардын Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды, ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Аталган макулдашууга кызыкчылыкты арттыруу максатында Кыргыз Республикасы менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосунда учуулардын жана аба аркылуу жүк ташуулардын географиясын кеңейтүү жөнүндө чечимдин негизинде кол коюлган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: