Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугу жаатында кызматташтык тууралуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты — Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында тараптардын өз ара аракеттенишүүсүн өнүктүрүү болуп эсептелет.
Тараптар маалымат коопсуздугу коркунучтарына бирдиктүү таасир этүүнүн практикалык механизмин түзүү, маалымат коопсуздугу жаатындагы ишенимди бекемдөө чарасын өнүктүрүү, маалымат коопсуздугун камсыздоонун технологиялык негиздерин өркүндөтүү жана башка багыттар боюнча кызматташат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ