Menu

Тереза Мэй премьерлик кызматын сактап калды

Бөлүшүү:

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча парламенттеги добуш берүүдө аз айырма менен жеңишке жетти. Өкмөт башчыны кызматтан кетирүү сунушун 306 депутат колдоп, 325и каршы добуш берди.

Тереза Мэйге ишеним көрсөтпөө демилгесин оппозициялык Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин парламенттин 15-январдагы жыйынында көтөрүп чыккан. Анда депутаттар Европа биримдигинен чыгуу тууралуу премьер-министр тарабынан сунушталган макулдашууну талкуулап, аны колдобой коюшкан.

Эми бейшембиде Тереза Мэй ЕБдин курамынан чыгуу шарттары тууралуу парламенттеги фракциялардын лидерлери менен консультацияларды баштайт деп күтүлүүдө. 21-январда парламентте Брекзиттин жаңы стратегиясы боюнча кайрадан добуш берүү өтүшү мүмкүн.

Эгер ал план дагы четке кагыла турган болсо, анда депутаттар биримдиктен эч кандай макулдашуусуз чыгып калууга жол бербөө үчүн ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өз колдоруна алууга аракет кылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: