Menu

Суракматов элди ойлобой эле, “маршрутниктерди” гана ойлойбу?

Бөлүшүү:

Бишкекте алгач айдоочулар коомдук транспорттун жол киресин кымбаттатууну сунуштап чыгышты. Мэрия бул сунуш боюнча чечим тиешелүү иликтөөлөрдөн кийин кабыл алынарын айткан. Мээриянын маалыматы боюнча жол акыны борбордогу автобус жана троллейбустарда электрондук билет менен 8 сом, эгер нак төлөнсө 10 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда 12 сомго көтөрүү каралып жатат. Эми бул сунушту шаардык кеңеш карап, чечим кабыл алышы керек болот. Сунушту кароого 3-4 ай кетери болжолдонууда. Эске сала кетсек, буга чейин шаардык мэрия маршруттук автоуңаалардын айдоочулары менен жолугушууда жол кирени көтөрүүгө макул экенин билдирген. Бирок ошол эле учурда айдоочулардын айдаган унааларынын техникалык абалы, айдоочулардын тартиби боюнча эч кандай талап койгонго жарабады. Ошентип, шаар мэри Азис Суракматов маршруттук айдоочуларга жакшы көрүнүп, жол акыны көтөргөнү турат. Ал эми карапайым элди, өзгөчө калктын аялуу катмарын уруп да ойногон жок. Чынында сындарга эң көп кабалып келаткан мэр жалпы коомчулуктун бул сунушту колдойбу, жагабы, жакпайбы деген маселени эске албады. Мансабына чиренип, көзү тумандап тургандай…

Ал эми 45 депутаттан турган шаардык кеңештин депутаттары Суракматовдун сунушун колдоого алышабы, же артка кайтарышабы, аны убакыт көрсөтмөкчү. Элди ойлосо эл өкүлдөрү деле элге кыянатчылык кылышпастыр…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: