Menu

Мирлан Исагалиевди эмнеге министр кылышкан жок?

Бөлүшүү:

Транспорт министрлигинин жетекчилери 520 миң доллар пара менен кармалып, кызматтан айрылгандан бери, бул кызмат бош турган. Туура бир айдан кийин бул кызматка Жанат Бейшенов дегенди көрсөтүштү. Белгилүү болгондой бир топ күндөн бери коомчулукта бул кызматка Мирлан Исагалиев татыктуу деген сунуштар көп айтылып, ал тууралуу байма-бай талкуу жүрүп жаткан. Бирок эмнегедир, анын талапкерлиги каралбай калганы кызык болду. Чындыгында Исагалиев Мирлан мырза, иштеген ишинен май чыгарган азаматтардын бири экени талашсыз. Бул жигит элге буга чейин меценат, кайрымдуу, таза инсан катары жакшы таанылган. Транспорт, бажы тармагы боюнча да кесипкөй адис, күчтүү менеджер. Себеби, бул тармактарда бай тажрыйбасы бар. Буга бир эле мисалды айтсак жетиштүү болот. 2008-жылы март айында Бишкек-Торугарт жолундагы автоунааларды таразалоо көзөмөл пунктуна жетекчи болуп дайындалган күндөн тартып, ал жерде болуп келген коррупциялык агымдарды токтотуп, чогулган каражаттын көлөмүн бир канча эсеге көтөргөн. Ошол жылдын январь, февраль айларында 141 миң жана 200 миң сом чогулган болсо, Исагалиев бул көрсөткүчтү июнь айына чейин эле 3 миллион сомго жеткирип койгон. Мындай көрсөткүчтү, мекенчил, таза гана инсандар көрсөтө алат эмеспи. Мирлан мырза, меценат катары Балыкчы шаарына Гемодиализ борборун салдырып, ага 5 гемодиализ, 5 муздаткыч, 5 телевизор белек кылып, суу тазалоо системасын да курдуруп
берген. Андан кийин Талас облусунун ооруканасына “Тез жардам” кызматынын жаңы автоунаасын белек кылды. Ошондой эле жаңы автоунааны Нарын облустук ооруканасына белек кылды. Мына ушунун өзү кандай эрдик!

Чынында Исагалиевди Транспорт министрлигине жетекчи кылып дайындаса, элдин, бийликтин үмүтүн актап, коррупцияга баткан мекемени тазалап, жол куруудагы коррупциялык схемаларды кан буугандай токтотмок деген чоң ишеним бар эле. Кыязы, өкмөт Исагалиевдин тазалыгынан корктубу? Бул да чоң суроо. Эмнеге дегенде коррупциясы көп бийликке принципиалдуу, таза аадмдар көп учурда керек болбойт калат. Эми Кудай кааласа, Исагалиевди башка бир кызматтан көрүп калышыбыз ажеп эмес.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: